Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

БУУ Кипрди бириктирүү планы ишке ашпай калганы үчүн аралдын түрк бөлүгүнүн жетекчилигин айыптады


БУУнун Коопсуздук Кеңеши өз резолюциясында Кипрдин түрк бөлүгүнүн лидери Рауф Денкташтын терс позициясына байланыштуу өкүнүч билдирди. Документте ,ошондой эле, БУУнун башкатчысы Кофи Аннан тарабынан сунушталган биригүү планы Кипр проблемасын чечүүнүн негизи бойдон калары белгиленген. Европа Биримдигине Кипрдин чогуу кирүүсүн камсыздоо максатында сунуш кылынган планды аралдын түрк бөлүгүнүн лидери Рауф Денкташ өткөн айда четке каккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG