Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Иракта негизги уруштар аяктады


АКШнын коргоо министрлиги Ирактагы уруштардын негизгилери иш жүзүндө аяктады деп эсептейт. Пентагондун өкүлү Виктория Кларктын билдиргенине караганда, эми коалициялык күчтөр бийликтен кулатылган Саддам Хусейндин өкмөтүнүн калдыктарын жоюунун үстүндө иштөөдө:

- Коалициянын күчтөрү Ирак режиминин калдыктарын түп –тамырынан бери жоюуда.Мындай иштер Саддам Хусейндин туулган шаары-Тикритте да жүрүп жатат. Режимдин күнү бүттү, анын лидерлери набыт болду, багынып берди же качып жүрөт.

Режимди бийликтен кулатууга багытталган уруштардын көпчүлүгү аяктаганы менен башка аскерий милдеттер бар экенин АКШнын борбордук командачылыгынын өкүлү генерал Винсент Брукс да белгиледи. Пентагондун өкүлдөрү билдиргендей, АКШнын аскерий учактарды тартуучу үч кемесинин экөөсү алдыдагы күндөрү Перси булуңунан кетет.
Бүгүн Насирия шаарында америкалык тараптын уюштуруусу менен Ирактын саясий топторунун жыйыны башталууда. Анда согуштан кийинки Иракты башкарууга жана өлкөнүн келечегине байланышкан маселелер талкууланат. Ирактагы шийиттердин негизги оппозициячыл уюму – Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши аталган жыйынга катышпай турганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG