Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

ИРАКТЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮН ТҮЗҮҮ БОЮНЧА БИРИНЧИ ЖЫЙЫН БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык аскерлер 14-апрелде Тикрит шаарын басып алгандан кийин, Ирактагы аскерий аракеттер эми акырына чыгууда. Багдад жана башка шаарларда полиция иштей баштады, ал эми 15-апрелде америкалыктардын жетекчилиги алдында Насирия шаарында - Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү боюнча биринчи жыйын ачылды.

Насирия шаарындагы америкалык аскерий базада өтүп жаткан жыйынга Ирактын ар башка уюмдарынын алтымышка жакын өкүлү чакырылган. Ага АКШнын мурдагы генералы Жей Гарнер төрагалык кылууда. Вашингтон мурда даярдаган план боюнча, согуштан кийинки Ирактагы абалды алгач дал ушу генерал Гарнер көзөмөлдөөгө тийиш.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строунун айтымында, Насириядагы жыйындан кийин дагы башка бир нече жолугушуу болот: "Насириядагы жыйындын негизги мааниси - ал жөн гана бир жолу өткөрүлө турган чогулуш эмес. Ал - жаңы бийлик орнотуу жараянынын башталышы гана. Иракта абдан таланттуу адам көп, Ирак - үчүнчү дүйнөлүк мамлекет эмес, ал өнүккөн өлкө. Чынын айтканда, ал - адамзат цивилизациясынын өсүп-өрчүгөн жери".

Бирок Насирия жыйынына чакырылган бардык эле өкүлдөр келе берген жок. "Ирактын улуттук конгрессин" жетектеген Ахмад Чалаби жыйынга өз өкүлүн гана жиберди. Белгилүү бизнесмен, АКШда бир топ жыл жашаган Чалабини кээ бир эксперттер өлкө башкара ала турган адам катары баалайт, бирок ал өзү бийликке умтулбаганын жакында билдирди. Жыйынга келбеген дагы бир таасирдүү уюм - баш ордосу кошуна Иранда жайгашкан "Ислам революциясынын жогорку кеңеши". Анын жетекчиси Абделазиз Хакимдин айтымында, Америка Кошмо Штаттары жетектеген иштерге анын уюму катышпайт.

Жыйынга АКШ өкмөтүнүн атайын өкүлү, 2001-жылы Ооганстанда да тартип орноткон Залмай Хализад жана башка жетекчилерден тышкары Австралия менен Улуу Британиянын өкүлдөрү, Ирактын диний жана башка уюмдарынын, сүргүндөгү ирактык кошуундардын, ал эмес 1958-жылы бийликтен кулатылган Ирак падышасынын өкүлдөрү жана Бириккен Улуттардын байкоочулары катышууда. Анткен менен Насирияда 15-апрелде бир нече миң адам чогулуп, каршылык митинг өткөрүштү. Алардын пикиринде, өлкө келечегин америкалыктар эмес, Ирак эли өзү аныктоого тийиш. Генерал Гарнер башкарган учурда өлкөнүн убактылуу жетекчилиги түзүлүүгө тийиш жана андан кийин гана Иракта жалпы элдик шайлоо өткөрүлүп, президент, парламент жана башка бийлик органдары пайда болот.

Ирактын келечеги боюнча жыйындар дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да өтүүдө. Алманиянын Ганновер шаарында 15-апрелде Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер жолукту. Ирак согушуна Алмания катуу каршы чыгып келген, Британия болсо башынан аягына чейин АКШнын аракеттерин колдоду. 11-12-апрелде Шрөдер Санкт-Петербург шаарында Орусия менен Франциянын президенттери менен жолугуп, согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү ишинде негизги мааниге Бириккен Улуттар Уюму ээ болуга тийиш деп макулдашкан. Андай идеяны мурда Блэр да колдоп келген, бирок АКШ жетекчилиги ага каршы. Вашингтондун пикиринде, Бириккен Улуттар гуманитардык маселелерди гана чечүүгө тийиш.

Бийликсиз калган Ирак шаарлары акыркы беш-алты күндө талоондо калды жана ага жол бергени үчүн АКШ аскерлери эл аралык уюмдар тарабынан катуу сынга алынды. Азыр америкалык жетекчилик басылып алынган шаарларда тартип орното баштады. Багдад шаарынын 40 миң полициячысынын эки миңге жакыны кайрадан өз милдеттерин аткарууга киришти. Бирок Улуттук музейдин бир топ баа жеткис буюмдары ага чейин дайынсыз жок болду.

XS
SM
MD
LG