Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Чеченстанда референдумдан кийин да адам укугунун абалы тынчсыздантууда


Төрөкул Дооров, Маскөө шаары. Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Чеченстан боюнча кезектеги резолюциясын кабыл алды. Анда ПАСЕ Чеченстандагы аскерий кылмыштарды изилдөө үчүн атайын эл аралык трибунал түзүү зарылдыгына басым жасады. Human Rights Watch укук коргоо уюмунун соңку билдирүүсүнө караганда, чечен жергесинде адам укугунун дагы эле орой бузулуп жаткандыгына байланыштуу эл аралык коомчулуктун аймактагы көз карандысыз иликтөөлөрүнө болгон муктаждык улам күч алууда.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлдөрүнүн маалымдашынча, өткөн жылы Чеченстанда чечен милициясынан жана калк ичинен 2700дөй адам өлтүрүлгөн. Ал эми ушул жылдын январь-февраль айларында 70 адам өлүп, 126сы уурдалган.

Түнкүсүн үй эшиктерин бузуп кирип, адамдарды уурдап кетүү, зордуктоо, массалык өлтүрүүлөр менен өлүм жазасына буйруу, - мына ушул өңдүү көрүнүштөр он жылдан ашуун убакыт бою аймактагы элдин ырпын кетирген Чечен согушунун бир бөлүгү. Мунун баарына чекит коюлат ко деген калк ишеними мартта өткөн чоң саясий окуя - референдум алдында Кремль берген убадалардан улам жаралган эле.

Референдум өттү, болгондо да Маскөөнүн кызыкчылыктарына төп болуп жүзөгө ашты. Бирок, эл үмүтү акталган жок. Республика дагы эле массалык кыргындардын, террористик аракеттердин, адам укугун тепсендиде калтыруунун аймагы бойдон кала берүүдө. Бир эле мисал, ИНТЕРФАКС агенттигинин маалыматы боюнча, өткөн аптада Чеченстанда 14 жолу автомашиналар жардырылган. Алардын айынан тогуз адам өлүп, он экиси оор жараат алышкан. Мындай терракттар дээрлик күн сайын жасалууда.

Көп кылмыштар, аталган укук коргоо уюмунун билдирүүсүнө караганда, жоочулар тарабынан эмес, федералдык аскерий күчтөр тарабынан жасалат.

Бул жагдай эл-аралык коомчулуктун көңүлүнөн сыртта калбады. Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы республикада адам укуктарынын орой бузулуп жаткандыгын кескин айыптаган резолюция кабыл алды. Арийне, Кремль бул жаңылыкты суук кабыл алгандыгы байкалууда. Анткени, резолюцияда Чеченстандагы адам укугун коргоо иши менен аймакта атайын трибунал иштеши керектиги, ошондой эле кылмыштуулукка тиешеси бар бардык тараптарды жоопкердикке тартуу талаптары айтылган эле. «Резолюциянын бул талаптары, абал көрсөткөндөй, орус бийлигине жаккан жок» дейт укук коргоочу, «Human Rights Watch» уюмунун өкүлү Анна Нейстат:

- Менин оюмча, эгерде чынында эле республикада референдумдан кийин стабилдүүлүк орной баштаган болсо, Орусия бийлиги бул абалды эл аралык коомчулукка даңазалоого биринчилерден болуп озунмак.

Чечен машакатын терең изилдеп келген укук коргоочу «акыркы мезгилдерде Орус бийлиги эл аралык укук коргоочулар менен изилдөөчүлөрдүн чечен жергесине кирүүсүнө тоскоолдук кылып жаткандыгын» айтат.

Айрым адистердин баамында, Маскөө референдум алдында калкка берген сөзүн кармай албады. Анткен менен, Чеченстандын Маскөөдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкери Эди Исаев референдумдан кийин кыйла өзгөрүүлөр болгондугун белгилейт:

- Биз күткөн кескин өзгөрүүлөр орун албаганы менен, турмуш жакшыра баштаганын калк өзү да сезип турат.

Ал эми Кавказ чөлкөмүнүн көйгөйлөрүн изилдеп жүргөн Орусия Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Алексей Арутьюновдун айтымында, референдумдан кийин өлкөдө адам укугу корголбой, тетирисинче, ого бетер тепсендиде калуу коркунучу бар:

- Менин оюмча, референдум бийлик ишендирген өзгөрүүлөрдү бербеди. Орус бийлиги убаданы көп берет. Алардан бир дурусураак жыйынтык чыкпай тургандыгына көнүшүбүз керек. Тетирисинче, референдумдан кийин Ахмад Кадыров бой көтөрүп, каалаганын жасап калат ко деп корком. Анткени, анын оюнда, референдум ага президенттик кызматты камсыз кылат.

Эгерде бул эксперттин ою туура чыкса, анда Чеченстандагы адам укугу маселеси ого бетер тынчсыздануу туудурчу көйгөй бойдон кала бериши ыктымал.

Чечен калкы ушул жылы дагы бир канча ири саясий оюнга катышуу алдында турат. Аймакта президенттик жана парламенттик шайлоолорду кантип өткөрүү керек деген суроо кызуу талкууну жаратууда.

XS
SM
MD
LG