Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

БИШКЕКТЕ ФИРМАГА АЛДАНГАНДАР КӨЧӨГӨ ЧЫГЫШТЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жоопкерчилиги чектелген «World Enterprise» ишканасынын азгырыгына 5 миңге чукул бишкектик жарандар алданып, акчасынан кол жууп калышты. Алданган адамдардын айрымдары буга чейин ишкана ижарада турган кеңселердеги буюмдарды тартып алышса, айрымдары нааразылык акциясын уюштуруп, шаардагы автоунаа кыйма-чийме каттаган Ахунбаев көчөсүн жарым саат тосуп турушту.

15-апрелде саат 9да 500гө жакын адам Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү «World Enterprise» ишканасы ижарада турган имараттын алдына жыйналып, саат 10дон тартып чоң жолду тосууга өтүштү. Биринчи Май районунун тартип коргоо кызматкерлеринин жарым сааттык аракетинен соң гана алар жол жээгине чыгышып, ишкананын ээсин таап, акчаларын кайтарып берүү талабы менен турушту. Алардын ар бири ишкананын ээси Низам Абдуллаев менен түзгөн келишимди, берген акчасын күбөлөндүргөн кагазды көтөрүп алышкан. Сураштыра келсек, алды 120 миң, арты 300 сомдон күрөө коюшкан. Бир эле киши 150-120 миң сомдон салган, үч миң доллардан өйдө салгандар да, үйүн күрөөгө коюп иштегендер да бар.

Алдангандардын көпчүлүгү кыргыздар. Алар өздөрүнүн аргасыздан жол тосууга баргандарын айтып, жол тосуу учурунда милиция кызматкерлери менен чарпышып кеткендерин да жашырышкан жок.

- Жолду тосконубуздун себеби - акчабызды кайтарып берсин деп атабыз, -дейт алардын бири. - Акчабызды ким кайтарып берет? Ал качып кеткен болсо, бул жерди ким ижарага берген, кимге салык төлөгөн? Ошолор жооп бериш керек. 500дөй киши чогулганбыз. Милиционерлер бизди түртпөсүн, урбасын. Теңизбаев деген, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы мени кадимкидей элдин көзүнчө урду. Кандай акысы бар мени урганга? Катуурак сүйлөп койгондорду машинага түртүп, зордуктап эле алып кетип атышат. Туура түшүнүшсүн бизди.

Биз тартип коргоо кызматкерлерине нааразы болгондордун пикирин уккан соң Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Калыс Теңизбаевге эмне себептен күч колдонгонун билиш үчүн микрофон сундук.

- Көрдүңөрбү өзүңөр? «Издеп бериңиздер, алдап кетти» деп мурда эч ким кайрылган эмес. Биринчи жолу кайрылып атышат. Бүт жабырланычуулардан арыз алып алдамчыларды издейбиз, - деди ички иштер бөлүмүнүн башчысы.

Жол тоскон жарандардын айтканына караганда, алар «World Interprise» ишканасына кантип алданып калганын өздөрү да билбей калышкан. Жумушсуз жүргөн адамдар ишкананын улам-улам теледен кайталаган рекламасына азгырылып, чоң базарда бир кутусу 3 сомдон турган айнек мончок үчүн 300 сом күрөө коюп, аны 50 см жипке тизип бергени үчүн 20 сом эмгек акы алмак болушат.

- «Пирамидадан» берген, гезитке чыккан, - дейт алдангандардын бири.

Акчасынан кол жууп, ызага баткан дагы бир айымга микрофон сунганда ал өзүнүн кантип алданганын мындайча айтып берди:

- «Фирма ачылыптыр, шуру менен иштеп атат» деди. Келдим. 300 сомдон экен баштыгы. Сыртын кадимкидей милиция кайтарып турган. Ошол жерде берип аткан кыздардан сурадым. «Эмне үчүн баштыгы 300 сом, арзан турат да?» - дедим. «Бул күрөө, иштеген ишиңизге төлөп беребиз, 50 см. дан тизип келесиз», - деди. Мен ал күнү алган жокмун, 2-3 күндөн кийин акчаны пайызга таап келдим. Анткени күнүмдүк наныма акча керек. Ушул фирмага офис, Юстиция министрлиги күбөлүк бериптир. Мен күбөлүгүн көргөм. Бул өкмөттүн шалаакылыгы.

Андан соң колубуздагы үн жазгычка келип өз арыз-муңдарын айткысы келгендердин курчоосунда калдык.

- Лицензияны ким берген, ким уруксат берген? Эч ким ошого карабайт. Эртеп элди алдап эле, байкуш элден бир нерсе алса болду. Ушундайларды эмне үчүн карабайт? Бизди ким коргойт? Эгерде жумуш болсо биз ушинтип алдамчыларга келет белек? – деп жаалап кетишти акчасын алдаткандар.

Нааразы болгон жарандар, тартип коргоо кызматкерлеринин «аталган ишкана ээсине кылмыш иш ачылды, аны тез аранын ичинде таап, териштирип беребиз» деген убадаларынан кийин да бир топко чейин туруп таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG