Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Кытай: “Оорууну жашырса, өлүм ашкере кылат”


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытай бийликтери эл аралык уюмдун адистер тобунун Бээжиндеги аскерий оорукананы текшерүүсүнө урксат бербей жатканын билдирди.
Аскерий ооруканада өнөгөсүз өпкө илдети же “САРС” вирусу жуккан кеселдер дарыланууда деген шектенүү бар.
Коркунучтуу оору Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынан жайылган деген шектенүү бар.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдашынча 15-апрелге чейин өнөгөсүз өпкө оорусу 144 адамдын өмүрүн алды жана дүйнө өлкөлөрүндө бул илдет 3200дөн көп адамга жуккан.
Бээжинде кечээ күнү САРС жукту деп шектелген 37-адам катталган.

XS
SM
MD
LG