Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Ирак согушу аяктап калган чакта, Жакынкы Чыгыш “стабилдүүлүккө” муктаж дейт Түркия


Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Ирактагы согуш аяктап калган чакта, Жакынкы Чыгыш “стабилдүүлүккө” өзгөчө муктаж деп билдирди.
“АКШнын Сирияда массалык кыргын салчу куралдару болушу мүмкүн деген тынчсыздануусун Түркия бөлүшөбү?” деген суроого Гүл мындай деп жооп кайрыды:

- Биз регион стабилдүү болушун, согуштун бүтүшүн жана коалициялык күчтөрдүн ийгилигин каалайбыз. Азыр Иракта тынчтыкты жана бийликти калыбына келтирчү мезгил. Региондогу башка өлкөлөр эстүүлүк менен иш жүргүзүп, ар кандай чырга шылтоо бербеш керек.

Гүлдүн сөзүнчө, Сирияда массалык кыргын салчу куралдары бар экенин тастыктаган танык-далилдер Түркияда жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG