Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

Шийит мусулмандары Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү планына каршы чыкты


Ирактын байыркы Ур шаарында өлкөдөгү түрдүү топтордун өкүлдөрү согуштан кийинки өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүнү баштоо үчүн жолугушту.
Жыйынга күрттөрдүн, сунниттер менен шийиттердин жана көп жылдар бою тыш өлкөлөрдө бозгунда жашаган түрдүү топтордун өкүлдөрү келген.
Сүйлөшүүгө Ирактын өткөөл өкмөтү түзүлгөнгө чейин иштөөчү убактылуу администрациянын башчысы, отставкадагы АКШ генералы Жэй Гарнер “баш-көз” болмок.
Бирок, шийиттердин оппозициячыл тобу (Иранда жайгашкан Ирактагы Ислам революциясынын Жогорку Кеңеши) жыйынга бойкот жарыялайбыз деп билдирип, АКШнын планына каршы чыгышты.
Түштүктөгү Насирия шаарына жакын жерде Урдагы жыйынга каршы миңдеген адамдар катышкан демонстрация өттү.
Жэй Гарнердин командасынын мүчөсү, британиялык генерал Тим Кросс билдиргенге караганда, убактылуу администрация үч же алты ай ичинде бийликти ирактык ырасмий адамдарга өткөрүп бере баштайт. Лекин, жаңы өкмөттү түзүү көпкө созулуп кетиши ыктымал дейт генерал Кросс.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG