Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Казакстан Токтогул ГЭСинин акцияларын алууга кызыгууда


БИШКЕК. Казакстан Кыргызстандын Токтогул ГЭСинин акцияларына ээ болсо гана Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушуна катышат. Мындай маалыматты бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги Казакстандын «КZ-Today» агенттигинин кабарына таянып таратты. Ал маалыматка караганда, бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин суу чарбасы боюнча комитетинин төрагасы Анатолий Рябцев билдирген. Ал ошондой эле Казакстан суу бөлүштүрүү жана Сырдарыядан түштүк Казакстан үчүн жетиштүү суу алуу процессине катышуу максатын биринчи планга коюп жаткандыгын кабарлаган. Кыргызстандын Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин куруш үчүн болжол менен эки миллиарддан ашык доллар керек. Андан тышкары электр тармактарын куруу 330 миллион долларды талап кылат. Курулуш Евразия Экономикалык Шериктештигине кирген мамлекеттердин үлүшүнүн эсебинен ишке ашырылат деген маалымат бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG