Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДЫН АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУНУН УКУКТАРЫ КЕҢЕЙИШИН КААЛАЙТ


Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун укуктарын кеңейтүү зарылдыгы бар. Ушул мазмундагы отчетту учурда Бириккен Улуттар Уюмунун долбоорунун негизинде Польша Омбудсманынын орун басары Ежи Щвенткевич даярдоодо. Бул тууралуу миссия башчысы 15-апрелде өткөн маалымат жыйынында журналисттерге маалымдады.

Польша Омбудсманынын орун басары Ежи Щвенткевич Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын «Кыргыз Республикасында Акыйкатчы институтунун мүмкүнчүлүгүн бекемдөө» долбоорунун алкагында мындан эки апта мурда келген. Акыйкатчы институтунун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү багытында сунуштарды даярдоо, Акыйкатчынын кеңсесинин ишине усулдук кеңештерди берүү максатын көздөгөн миссия учурунда Щвенткевич адам укуктарына тиешеси бар министрликтердин, мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, депутаттар, Конституциялык Соттун төрайымы, президенттин жана өкмөттүн жооптуу кызматкерлери менен жолугушту. Ал Кыргызстандын Конституциясы, «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзам сыяктуу документтерге талдоо жүргүздү.

Щвенткевичтин маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүндө өзгөчө чектөөлөр жок. Ошол эле учурда анын мүмкүнчүлүктөрү, маселен, Польша же Финляндия мамлекеттериндегидей кеңейтилген эмес. Азыр Акыйкатчы институтунун ишин жандандырыш үчүн адам укугуна тиешелүү мыйзамдардын бири-бирине карым-катышын кайра карап чыгуу зарыл. Маселен, жаңы Конституцияда Акыйкатчы институтунун орду жана жалпы жагдайы гана жазылып калган.

- Конституцияда «Акыйкатчы арыздануучунун атынан Конституциялык Сотко кайрылат» деп гана жазылган, - дейт Щвенткевич. - Бирок, Акыйкатчы жөнүндө түшүнүк, анын даражасы, укуктук абалы жазылган эмес. Мен бүтүндөй бөлүмдү арнаган Польша Конституциясы жөнүндө сөз айтпайм. Жок дегенде Акыйкатчы институту башка органдардан көз карандысыз, адам укугун сактап турган мамлекеттик орган экендиги жөнүндө берене жазып коюшпайбы. Мындай токтом мыйзамда жазылыптыр, анда да толук эмес.

Щвенткевичтин пикиринде, Акыйкатчынын иш багыттары белгиленип, ал коомдун пикир-талаптары менен үн алышып турушу керек. Арыздарды иликтөө менен эле чектелүү Акыйкатчынын милдеттеринин негизин түзбөйт. Арыз түшпөгөн учурда да Акыйкатчы өз демилгеси менен адам укугунун бузулуп жатканынан шек туудурган аймактарды, мекемелерди көзөмөлдөп турмагы шарт. Ал эми Турсунбай Бакир уулунун ушул эле маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Акыйкатчы институтунун быйылкы иш багыттары БУУнун Өнүктүрүү Программасынын долбоорунун алкагындагы сунуштарды эске алуу менен белгиленүүдө. Алардын биринчиси сот органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

- Мен кечээ соттор караган кылмыш жана процессуалдык иштерге талдоо жүргүзүүнү тапшырдым, - дейт Турсунбай Бакир уулу. - Анын негизинде соттордун ишине баа берилип, президентке сунушталат. Сотторду аныктоочу аттестациялык комиссияга Акыйкатчынын өкүлдөрүн киргизүү, сот жараяндарына журналисттерди үн жазгычтары, видеокаражаттары менен киргизүү тууралуу каттар сот төрагаларына жолдонот. Экинчи негизги багыт - түзөтүү колониялары, тергөө абактары, убактылуу кармоочу жайлар текшерилет. Андан кийинки багыт – аскер бөлүктөрү. Биз аларды өз демилгебиз менен иликтейбиз. Ошондой эле медициналык, алардын ичинде жабык медициналык мекемелерди текшеребиз. Майыптардын, студенттердин, карылардын укуктарын көзөмөлдөйбүз.

Турсунбай Бакир уулу эл аралык уюмдардын сунуштары Кыргызстанда колдоо табаарына ишенээрин да билдирди.

- Биздин укуктарыбызды кеңейтип берели деп атышат, - деди Кыргызстандын Акыйкатчысы. - Биздин мыйзам жаман эмес. Бирок, бүгүнкү күндө элдин адамдык укуктарын жакшы коргош үчүн дагы бир топ өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек экен. Мисалы, сот иштерине Акыйкатчы кантип кирише алат, мыйзамды аткарбаган кызматкерлер менен кандай күрөшө алат деген өңдүү маселелер сунушта жүрөт. Мен бардыгын колдоп беребиз деп ойлоп атам.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG