Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

ТҮРМӨДӨН БОШОШ ҮЧҮН КЫЛМЫШКЕРЛЕР КУРГАК УЧУК МЕНЕН ООРУШАТ


Кыргызстанда ушул тапта абакта жаткандардын абалы өтө эле оор. Камактагылар тое тамак ичпегенден улам кургак учук, ичкелте, СПИД сыяктуу ооруларга чалдыгып, дары-дармектердин жетишсиздигинен алардын көбү эркиндикке чыкканга үлгүрбөй эле түрмөдө көз жумушат. Өткөн жылдан тартып өлкөдөгү бардык түрмөлөр Ички иштер министрлигинин карамагынан Юстиция министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүлө баштаган. Ушу тапта Юстиция министрлигинин кызматкерлери түрмөлөрдүн абалын жакшыртуунун жолдорун издешүүдө.

Кыргызстанда камакта жаткандардын 20% эркиндикке чыкканга үлгүрбөй эле темир тордун артында каза табышат. Тое тамак жебегенден улам кургак учук, ичкелте, СПИД сыяктуу дарттарга чалдыгышкан кылмышкерлер дары-дармекке да, сапаттуу медициналык жардамга да жарышпайт. Бул «Кабар» агенттигинде 14-апрелде өткөн маалымат жыйынында айтылды. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин соттук-укуктук реформа саясаты боюнча кеңешчиси Анвар Кадыров ушундай оор абалдан улам Кыргызстандагы түрмөлөрдү, убактылуу кармоочу абактарды реформалоо башталганын билдирди.

- Бүгүнкү күндө албетте, түрмөлөрдөгү эң олуттуу маселе – бул кургак учук оорусу, - дейт Анвар Кадыров. - Андан тышкары ВИЧ-СПИД жана башка жугуштуу оорулар да өтө коркунучтуу болуп турат. Түрмөлөрдү реформалоодогу экинчи кезекте жүргүзүлүүчү иш – бул адистерди даярдоо маселеси. Үчүнчү биздин баш оору – камактагыларды тамак-аш менен камсыз кылуу. Биздин өзүбүздүн эгин талааларыбыз болушу керек. Бул камакта жаткандарга жаңы иш орду болуп калмак. Төртүнчү маселе – пенитенциардык системада эмгектенген кызматкерлердин аң-сезимин жаңы шарттарга ыңгайлаштыруу. Кызматкерлер абактагыларга адам катары карап, адам катары мамиле кылууга тийиш.

Анын айтымында, Кыргызстандын кылмышкерлерди жазалоо системасын реформалоо максатында Латвия, АКШ жана Казакстан сыяктуу мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбалары үлгү катары окулуп-үйрөтүлүүдө. Ошентсе да бүгүнкү шартта абактардын абалын жакшыртуу боюнча мыйзамдарды даярдоо жана азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга алымча-кошумча киргизүү кыйынчылыктарды жаратууда.

- Буга чейинки түрмөлөр тармагына тиешелүү мыйзамдардын баары Ички иштер министрлигине ыңгайлаштырылып келген. Аларды Юстиция министрлигине тийиштүү кылып кайра иштеп чыгыш үчүн көп убакыт керек, - дейт Анвар Кадыров.

Эске сала кетүүчү маалымат: ушул тапта республиканын туш-тарабындагы он жерде 35 колония бар, анын ичинде аялдардын бир түрмөсү, убактылуу кармоочу төрт абак жана кылмышкерлерке көз сала турган он сегиз борбор бар. Аларда баш-аягы 18 миңге жакын кылмышкер кармалат. Быйыл кылмыш ишинин жана жаза мөөнөтүнүн кыскарганына байланыштуу 4 миң кишиге мунапыс берилген.

Анвар Кадыровдун айтымында, Юстиция министрлигинин карамагына кабыл алынган түрмөлөрдүн дээрлик баарынын абалы өтө начар. «Түрмөлөргө тиешелүү ишканалар талкаланып-таланып жок болгондуктан, кылмышкерлерди иш менен камсыз кылыш мүмкүн эмес», - дейт ал.

Маалымат жыйынына түрмөлөргө олуттуу жардам берип келаткан «Аслан Альянс» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Кристофер Истрати катышты. 2002-жылы «Аслан Альянс» баасы 10 миң доллар турган медициналык жабдууларды жана 3 тонна буудайды Кыргызстандын түрмөлөрүнө тартууга берген. «Аслан Альянстын» жардамы менен баасы 200 миң доллар турган жашылча-жемиштердин 55 тонна үрөнү да Кыргызстанга жакында эле жеткирилди. Ал жаздын келиши менен жерге отургузулуп, түшүмү абактагылардын тамак-ашына пайдаланылмакчы.

- Азык-түлүк түрмөлөрдү каптап кеткен кургак учуктун тышка чыгышын токтотуу максатында таратылып жатат, - деп билдирди Кристофер Истрати маалымат жыйынында.

Кыргызстандагы түрмөлөрдүн абалынын оордугун мындан билсе болот: мыйзам боюнча түрмөнүн бир бөлмөсүнө 18-20 киши отураары каралган болсо, адатта ал жерде 200-250 киши кармалат. Ал эми мыйзам боюнча бир кылмышкердин тамак-ашына 56 сомдон бөлүнүүгө тийиш болсо, азыр казынадан бул үчүн 18 сом 50 тыйын гана бөлүнөт. «Түрмө үчүн бир күнгө 18 миң даана нан керек», - дейт Анвар Кадыров абалдын оордугун белгилеп.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилекбек Мейманалиев өз кезегинде буларга токтолду:

- Кургак учуктун негизги булагы түрмөлөр болуп жатат. Абактар Юстиция министрлигинин карамагына өткөндөн тартып биз алар менен жана бир катар эл аралык уюмдар менен, анын ичинде «Сорос-Кыргызстан» уюму менен да тыгыз иштешип жатабыз. Мен өзүм демилге көтөрүп, Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрүн түрмөлөрүбүз менен тааныштырып чыктым. Алар абалдын оордугун көрүшкөндөн кийин бекер жардам берүүгө ниет кылышты. Себеби, абактарда абаны алмаштырып туруучу жабдуулар жана микробдорду өлтүрүүчү ультратолкундуу лампалар жок. Ошондон улам кургак учук түрмөнү каптап кеткен. Биз түрмөнүн өзүндө дарылоо ишин баштаганбыз. Бирок мыйзамыбыз туура эмес болуп атат.

Тилекбек Мейманалиевдин айтымында, кургак учуктун оор түрү менен ооруган кылмышкер мунапыска илинип, түрмөдөн бошотулат.

- Алар болсо эркиндикке чыккан соң сырттагы сак-саламат адамдарга, балдарга жугузуп жатышат. Кылмышкерлердин көбү түрмөдөн чыгам деп атайылап кургак учук жугузган учурлар көп. Мыйзамдын бул кемчилигин оңдобосок, кургак учуктун абактагы очогун жоготпосок, Кыргызстан үчүн бул көп жылдарга чейин өтө оор маселеге айланышы мүмкүн, - деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары.
XS
SM
MD
LG