Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

БАРСБЕК КАГАНДЫН БАШТАПКЫ БИЙЛИК МЕЗГИЛИ


Кыргыз эли бүгүн белгилеп аткан мамлекеттүүлүк жылы кылым кыйырынан түптөлүп, орошон окуяларга бөлүнүп келген. Орто кылымдагы кыргыздардын гүлдөгөн мамлекет курушу Барсбек кагандын башкаруу жылына туш келет. Анда эмесе кеп учугун кыргыздын кыраан уулунун ишмердигинен уласак.

Кыргыздын баатыр уулу Барсбек кагандын өмүр жолу кыргыз тарыхы жана мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү баскычы менен тыгыз байланыштуу. Барсбек туурасындагы үзүл-кесил маалыматтар Кытай жылнаамаларында, Түрк Фендеринде, Билге каган, Күлтегин менен Тонйокуктун эстеликтеринде, кыргыздардын Алтынкөл руникалык жазуусунда камтылган.

Барсбек кагандын кыргыз тарыхындагы ордун такташ үчүн адегенде Борбордук Азиядагы саясий кырдаалды калыбына келтирүү зарыл. Анткени, Экинчи Чыгыш Түрк Каганатынын негиздөөчүлөрү болгон Тонйокук менен Күлтегиндин эстелигинде «Барсбек болгон…убагында биз ага каган титулун ыйгарып, ханыша карындашыбызды ага турмушка бергенбиз» деп, Барсбек кагандын бактысын ачкан сыңары айтылат. Чындап эле II Чыгыш Түрк Каганатынын негиздөөчүлөрү Элтериш каган, Капаган кагандар Барсбекти бар кылган, кыргыздарга каган дайындаган, башкача айтканда кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө жолдомо берген болуп чыгабы?

Ал үчүн адегенде Борбордук Азиянын геосаясий өңүтүнө салып, саясий күчтөрдүн абалын талдап көрсөк.

630-жылы I Чыгыш Түрк Каганатынын акыркы башкаруучусу Сели каган Кытайга туткундалгандан кийин, түрктөрдүн жашоосу кайгы-муңга бөлөнгөн. Мамлекеттин калкы Түндүк Кытай провинцияларына көчүрүлүп, алар Тан өлкөсүнүн бийлигине моюн сунган. Ошол эле Тонйокуктун эстелигинде 50 жыл бою таза кандуу түрк эли Кытай падышасына кызмат кылып, анын кылычын чаап, оор жумушун аткарып, түрк эркектери кул, аялдары күң болгондугу айтылат.

679-жылы чыгыш түрктөр Кытайга каршы көтөрүлүп, болгону 700 жоокер мындан Борбордук Монголиядагы Өтүкенге чейин кылыч менен жол салып барышкан. Алардын эркиндик үчүн күрөшү 10 жылга созулуп, акыры II Чыгыш Түрк Каганатын түптөгөн Элтерис каган 691-жылы дүйнөдөн кайткан. Орхон эстеликтеринде бу коогалаң кезең мындайча сүрөттөлөт: «Чыгышта табгачтар, түндүк тарапта тогуз-огуз, кыргыз, курыкан, отуз татар, кидандар биздин жообуз болду». Тактап айтканда, Түндүк Кытайдан качып келген чыгыш түрктөрү көчмөн талаадагы саясий мейкиндик үчүн күрөш жүргүзгөн. 630-жылы алар Кытайга айдалып кеткенде мындагы талаа, түздүктөр башка этностор тарабынан ээленип, эми алар аны чыгыш түрктөрү менен бөлүшкүсү келген эмес.

Борбордук Азиядагы мындай кырдаал Барсбек бийлеген Кыргыз Каганаты үчүн айрыкча пайдалуу болду. Анткени, Кытай өлкөсү чектеш аймакта кубаттуу көчмөн мамлекетти жаратпаш үчүн 648-жылы сеяньтолорду талкалап, ал эми үстөмдүккө умтулган уйгурлардын дымагын тушамыштап турган. Бул жылдары Тандык Кытай кыргыздарды көтөрмөлөп, колдоо көрсөткөнү байкалат. Кытай жазма даректеринде кыргыздардын чыгыш чеги Байкалда жашаган курыкан, батышында Чыгыш Түркстанда турган тибеттиктерге чейин жеткен.

Кыргыз Каганатынын кубаттуу мамлекет деңгээлине көтөрүлө алышы, адегенде, Борбордук Азияда түзүлгөн геосаясий кырдаалдан улам болсо, андан кийинки өлкөнүн өнүгүү келечеги толугу менен Барсбек каган, Эрен улук, Терапа сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин дараметине байланыштуу. VII кылымдын орто ченинен тартып кыргыз башкаруучулары Кытай мамлекетинин борборунан билим алып, тажрыйба топтош үчүн шыктуу, дилгир жигиттерин жөнөтүп турган. Натыйжада, кыргыз өлкөсү Борбордук Азиядагы өнүккөн мамлекеттердин катарына көтөрүлүп, аны менен жакынкы жана алыскы коңшулары эсептеше баштаган. Алсак, 648-жылы Кыргыз өлкөсү элтеберлик деңгээлге көтөрүлгөн. Кыргыз Каганатынын мамлекеттик башкаруу аппараты Кытай өлкөсүндөгүдөй уюшулуп, ага жергиликтүү бийлик кызматы кошулган.

Кыргыз каганатынын күчүн, анын чөлкөмдөгү ордун чыгыш түрк кагандары жакшы билген. Ошондуктан Орхон тексттеринде «бизге кытайлар, тогуз огуздар, курыкан, отуз татар, кидандар душман болуп, бирок коркунучтуу жообуз кыргыздардын Барсбек каганы эле» деп моюндарына алышкан. Андыктан жогоруда айтылган, «биз Барсбекке кагандык титул ыйгарганбыз» деген Билге кагандын билдирүүсү тек, душманды басынтып, өздөрүнүн зоболосун белгилөө максатында колдонулуп жүрчү ыкма экендиги талашсыз. Биринчиден, чыгыш түрктөрү туткундалып, азып-тозуп жүргөн чакта Барсбек баштаган кыргыздар күчтүү мамлекет курууга жетишкен. Экинчиден, чыгыш түрктөрү эгемендик үчүн 10 жыл күрөшүп, кансырап турган чакта алар өз эркин Кыргыз Каганатына жана эрктүү Барсбекке таңуулай алмак эмес. Үчүнчүдөн, түрк–монгол калктарындагы каада-салтка караганда күчтүү тарап чабал жакка кызын берген эмес. Чыгыш түрктөрдүн мисалында биринчи каган Элтериштин кызы Барсбек каганга турмушка чыгарылганын, Элтериш кагандын 691-жылы дүйнөдөн кайткандыгын эске алсак жана анын уулу Билгенин 698-жылы тардуш элине шад болгондугун эсептесек, анда Барсбек кагандын Элтериштин кызын алган жылы салыштырмалуу аныкталат.

Элтериш кагандын улуу Билге өкүмдарлык тактан куржалак калып, ал 14 жашында тардуштарга шад болуп дайындалган. Билге кагандын эстелигиндеги таш жазууда ал Барсбек каганга «менин кичүү карындашымды күйөөгө бердик» деп кабарлайт. Эгер Билге 698-жылы 14 жашта болсо, анын кичүү карындашы Барсбек каганга болжол менен 703-705-жылдары күйөөгө берилип, бул жылдары эки калк ортосунда кыска мөөнөткө кудалык мамиле орногон.

Орхон тексттерине караганда, чыгыш түрктөрү кыргыздардын бейтараптыгын самап, Барсбекке кызын берип, анын кагандык бийлигин, улуу даражалуулугун тааныган. Демек, Кыргыз Каганатын кубаттуу мамлекет деңгээлине жеткирген Барсбек каган бул убакта, кыязы, жашы 40тардын тегерегиндеги, акылы жетик, күч-кубатына келген, телегейи тегиз инсан болсо керек.
XS
SM
MD
LG