Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Казакстанда саясий партияларды кайра каттоонун жыйынтыгы жарыяланды


Каттоонун жыйынтыктарына караганда, оппозиция келерки шайлоолорго катыша албай тургандай кырдаал түзүлүүдө. Өлкөдөгү жыйырмадай саясий партиянын жетөөсү:"Ак Жол", "Отан ", "Аул " жана Граждандык, Агрардык, Коммунисттик жана Патриоттор партиялары гана кайра каттоодон өттү. Жаңы мыйзам боюнча партиянын катталуусу үчүн талап кылынган мүчөлөрүнүн саны бир топко көбөйтүлгөн болчу. 12 саясий партия кайра каттоого документтерин берген эмес, же андан атайлап эле баш тарткан. Алардын арасында Казакстандын азыркы бийлигине ачык оппозицияда турган саясий партиялар да бар. Мыйзам боюнча кайра катталбаган партиялар өз ишмердүүлүгүн уланта албайт.

XS
SM
MD
LG