Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

АКШнын Сирияга кол салуу ниети жок


Маммлекеттик катчы Колин Пауэлл Вашингтондогу басма сөз жыйынында АКШ күч колдонулушу мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин түзгөн деген жоромолдорду төгүндөдү. К. Пауэллдин айтымында АКШ Сириянын аракеттеринен кабатырланат, ал эми Ирактагы кырдаал аскерий операцияны талап кылган "бөтөнчө окуя " болду. АКШ Сирияны террорчулукту колдогону, химиялык куралдарды өнүктүргөнү, Саддам Хусейнге кызматташ адамдарга башпаанек берип жатканы үчүн айыптап жатат.Сирия АКШнын айыптоосун четке кагууда жана алар Израилдин кызыкчылыктарын коргоо максатында айтылып жатат деп эсептейт.АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд кечээ Пентагондогу басма сөз жыйынында америкалык аскерлер Ирактан Сирияга мунай өткөргөн куурдун ишин токтотконун билдирди. Бул БУУнун санкцияларына каршы келет.Маалыматтарга караганда, Сирия ал куур аркылуу күнүнө 200 миң баррель мунай алып туруучу.

XS
SM
MD
LG