Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Кыймылсыз мүлктү баалоо маселеси талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Салык алыш үчүн кыймылсыз мүлктү баалоо» деген темада «тегерек стол» жыйыны болду. Ал Кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Швейцариянын «Свидсервей» аттуу уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп, кыймылсыз мүлктү баалоонун принциптери менен механизмдерин аныктоого арналды. «Свидсервей» уюмунун консультанты Арне Сунквист өнүккөн өлкөлөрдө кыймылсыз мүлктү баалоонун тажрыйбасы тууралуу маалымат берди. Кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Төлөбек Өмүралиев: «Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү жапырт баалоо зарыл, ал салык алууну жеңилдетип, салыктын бул түрүнө калктын мамилесин тез калыпка салат», - деп билдирди. Кыймылсыз мүлктү баалоо жөнүндөгү жобо Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бекитилет. Кыргызстанда 2 миллионго чукул кыймылсыз мүлк объектилери бар. Анын 66% менчик үйлөр жана квартиралар түзөт. Өнөр жай ишканалары менен башка жайлардын саны 3% ашык жана 31% айыл чарбасына таандык болбогон жерлер түзөт.

XS
SM
MD
LG