Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Ош облусунда табигый кырсыктар боло баштады


ОШ. Өзгөн районундагы Алтынбулак айыл өкмөтүнө караштуу Кандулак кыштагына жакын жерден 900 миң куб. метр жер кыртышы сүрүлүп түшкөн. Жер көчкүдөн эч ким жапа чеккен жок, бирок кооптуу деп эсептелген жерден 9 үй-бүлө көчүрүлдү. Комсомол айылынан да ошондой 2 үй-бүлө орун которгон. Өзгөндүн кооптуу чөлкөмдөрүндө азыр Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин комиссиясы иш алып барууда. Ошондой эле Өзгөн райондук акимчилигинин алдында табият кырсыгынын коркунучун жоюу боюнча штаб түзүлдү. Каракулжа районундагы Каракулжа дарыясында да суунун көлөмү үч эсе көбөйүп, чоң көпүрөгө коркунуч жаратууда. Ал эми Каракулжа–Алайкуу жолундагы кыян аралаш майда жер көчкүлөрдөн жол бүтөлүп, аны № 26-жол эксплуатациялоочу ишкана тазалап үлгүрбөй жатат.

XS
SM
MD
LG