Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Укук коргоочу АКШнын согуш аракетине каршы чыкты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун маалымат жыйынын өткөрүп, «согуштан кийинки Ирак өкмөтүн түзүү жана бийликти орнотуу Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги менен гана жүргүзүлүшү керек» деп билдирди. Андан тышкары укук коргоочу «Иракты басып алгандан кийин эми АКШнын Сирия менен Түндүк Кореяга каршы кастарын тиге баштаганы эл аралык укуктун нормаларына карама-каршы келет жана аны түздөн түз кийлигишүү деп гана аташ керек», деп белгиледи. Ал эми согуштан жабыр тарткан Ирак элинин укугун коргош үчүн ал жакка жакын арада өзү бараарын, азыр жол кире издеп жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG