Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

Азимбек Бекназаров Аксы окуясы боюнча китеп жазууга киришти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров Аксы окуясы жөнүндө «Чындык үчүн күрөш» аттуу китеп жазууга киришкенин бүгүн кабарлады. А. Бекназаровдун айтымында, китепте Аксы окуясынын чыгыш себептери, ага күнөөлүүлөр, окуянын өзү жана анын туура тергелбей калганы сөз болмокчу. Бийликтин, оппозициянын жана элдин ортосундагы мамилеге токтолгон Бекназаров «бийлик оппозицияны эле эмес, элди да бөлүүнү улантууда» деп, буга «Аксы коомун» жоюу боюнча жасалып жаткан аракеттерди мисал келтирди. Анын маалыматы боюнча, жакынкы күндөрү вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин катышуусу менен «Аксы коомунун» жыйыны болуп, анда коомду жоюу маселеси каралган жана кезектеги жыйында бул маселе боюнча чечим кабыл алынаары белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG