Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Бейөкмөт уюмдар коалициясы парламенттин регламентине жаңы норма киргизүүнү сунуш кылууда


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин жаңы регламентине «отурумдарда талкууланган бардык маселе боюнча депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнүн стенограммаларын, берген добуштарынын жыйынтыгын ар бир жаран ала алат» деген норма киргизилиши керек. Бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов ушундай көз карашын билдирди. Анын пикири боюнча, мындай норма бардык өнүккөн өлкөлөрдө кадимки практикага айланган жана ар бир шайлоочу өз өкүлүнүн иши тууралуу маалымат алып турганга акысы бар. Ошондон улам бир катар бейөкмөт уюмдар ушундай норма киргизүүнү парламентке сунуш кылышкан. Бирок, кыргыз парламентарийлери мындай жобону регламентке киргизүүгө макул болушкан жок. «Бейөкмөт уюмдардын бул сунушу регламентке киргизилбей калса, алар маселени башка деңгээлде көтөрүүгө аракет кылышат», - деди Эдил Байсалов.

XS
SM
MD
LG