Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Бишкекте «Уорлд интерпрайз» фирмасына алдангандар арыз жазышууда


БИШКЕК. «Уорлд интерпрайз» фирмасына алданган миңдеген жарандар президентке, өкмөт башчысына, башкы прокурорго жана Акыйкатчыга кайрылуу кабыл алышты. Анда алар бул көз боёмочулукка бийлик органдарынын тиешеси бар экендигин, муну фирманын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, белгилүү мекемелерден кеңсе алганы далилдеп турганын белгилешкен. Ошондой эле алар афераны туура, адилет иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жазалоону, акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышкан. Айрым маалыматтар боюнча, «Уорлд интерпрайз» фирмасына 6 миңден 12 миңге чейинки сандагы кишилер алданган. Алардын 200дөн ашууну бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өз арыздарын жазышты. Кечээ алардын 300дөн ашууну көз боёмочулукка кабылганы тууралуу арыз жазышкан.

XS
SM
MD
LG