Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Мыйзам чыгаруу жыйыны алтын казуунун абалын талкуулады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Кыргызстанда алтын казуунун келечеги жана «Кумтөр-1» долбоорунан өлкөнүн экономикасына түшкөн салым» деген темада парламенттик угуу болду. Анда «Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Камчыбек Кудайбергенов, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шейшеналы Мурзагазиев, профессор Шергазы Мамбетов маалымат беришти. Талкуудан кийин палатанын тиешелүү комитети алтын кендерин иштетүү боюнча атайын сунуш берүү чечимине келди. Андан тышкары «Кумтөр алтын кенин иштетүү маселесин кош палатанын кароосуна алып чыгуу керек» деген сунуш айтылды. Парламенттик угууда айтылган маалыматка караганда, «Кумтөр» алтын кени иштетиле баштагандан бери 115 тонна алтын казылган. Андан «188 миллион доллар алынат» деп долбоордо көрсөтүлгөн каражаттын үчтөн бири, тактап айтканда, 63 миллион гана доллар казынага түшкөн. «Кыргызалтындын» башчысы Камчыбек Кудайбергенов муну алтындын дүйнөлүк баасынын төмөндөшү, салык төлөөдө жеңилдиктердин берилиши, курулуш баасынын кымбатташы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG