Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Мосулдагы тополоңдо ирактык 7 жаран өлтүрүлгөнүн АКШнын аскерий жетекчилиги ырастады


Генерал Винсент Брукс Катардагы АКШлык күчтөрдүн борборунда өткөн пресс-конференцияда айрым демонстранттар АКШлык жоокерлерге ок ачкандан кийин, алар жооп кайтарды деп билдирди:

- Ок АКШнын деңиз аскерлерине жана атайын операциялык күчтөр жайгашкан имаратка түз багытталды. Бул мээлеп атылган ок болду. Ага жооп кылып, коалициялык күчтөр кээ бир демонстранттарды жана аскерлер жайгашкан лагердин дубалынан ашып бараткан адамдарды көздөй ок жаадырды... Бул октон бир нече ирактык өлдү.

Маалымат агенттиктеринин күбөлөргө таянып билдиришинче, АКШлык жоокерлердин огунан кеминде 10 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG