Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

МАЙЛЫСУУДАГЫ УРАН КАЛДЫКТАРЫ ЖАЛПЫ БОРБОРДУК АЗИЯГА КОРКУНУЧ КЕЛТИРҮҮДӨ


Майлысуу шаарынын чет-жакасына көмүлгөн уран калдыктары бир эле Кыргызстандын эмес, бүтүндөй Борбордук Азия мамлекеттеринин 60 миллион чамалаш калкына коркунуч келтирип атат. 16-апрелде Борбордук Азия мамлекеттеринен, АКШдан, Орусиядан, Германиядан, Австриядан жана Англиядан келген окумуштуу адистер Бишкектеги «Пинара» мейманканасында жолугушуп, «Майлысуудагы уран калдыктарын кантебиз» деген суроого жооп издешти. 3 күнгө созула турган жыйында адистер уран калдыктары көмүлгөн жерге барышып, абал менен таанышып чыккан соң, жыйынтыктоочу документ кабыл алышмакчы.

Майлысуу шаарынын чет-жакасына көмүлгөн уран калдыктары жырылып кете турган болсо, андан бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй Борбордук Азия жапа чегет. Мындай кооптонуу Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун көмөгү менен «Пинара» мейманканасында 16-апрелде башталган жыйында окумуштуулар жана адистер тарабынан айтылды. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жана экология министри Сатыбалды Чырмашевдин сөзүнө караганда, Майлысуудагы уран калдыктары акыркы 30 жылдан бери коркунучтуу абалда келатат.

- Кыргызстандагы уран калдыктарынын көбү Майлысууда жайгашкан. Коркунучтун баары ошол жерде. Бул эми Кыргызстандын эле эмес, жалпы Фергана өрөөнүнүн орток көйгөйү болуп турат, - дейт Сатыбалды Чырмашев.

Акыркы 30 жылда уулуу заттарды жаап-жашыруу боюнча олуттуу жумуштар жасалган эмес. Эгемен Кыргызстандын казынасы бул иштерди бүтүрүүгө чама-чаркы жетпейт. Министр Сатыбалды Чырмашевдин айтымында, жыл сайын бюджеттен 7-8 миллион сомдой акча бөлүнүп турат, бирок ал каражат абалды кескин жакшыртууга жетпейт.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун айтымында, Майлысуудагы уран шакелдерин коопсуз абалга келтириш үчүн 20-25 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат керек:

- Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Майлысуудагы абалды изилдеп, карап көрүшкөндөн кийин «жагдайды жакшыртыш үчүн 16-25 миллион АКШ доллары керек» деген жыйынтыкка келишкен. Бул жерде аткара турган иштин да көлөмү өтө чоң. Биз Майлысуу маселесин бир эле Кыргызстандын эмес, жалпы Борбордук Азия аймагынын баш оорусу экенин айтып, коңшулардын, эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, жардам сурашыбыз керек.

Майлысууда 23 уран калдыктары бар. Алар 1946–1968-жылдар аралыгында уран казып алуунун натыйжасында пайда болгон жана Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү экологиялык жактан эң коркунучтуу очоктордун бири болуп эсептелет. Кыргыз парламентинин депутаты Турдакун Усубалиевдин айтымында, Майлысууда 141 миллион тонналык уулуу заттар көмүлгөн жана Совет мезгилинин тушунда аларды карап-көзөмөлдөп турууга чоң суммадагы каражат бөлүнүп турчу:

- Совет мезгилинде Аскер комплекси министрлигинен Кыргызстандагы уран калдыктарынын коопсуздугун сактоо максатында чоң акчалар бөлүнүп турчу. Советтер Союзу кулагандан кийин уран калдыктарынын коркунучун алдын алуунун оор түйшүгү чама-чаркы чектелүү Кыргызстандын мойнуна түштү. Уран калдыктары 9 баллдык жер титирөө болуп кете турган жерлерде жайгашкан.

Майлысууда айрыкча соңку кездери кайра-кайра жүргөн көчкүлөр уран калдыктарынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө. Кокус уран калдыктары жырылып кетсе, ал Майлысуу дарыясы аркылуу Нарынга куюлуп, андан Сырдарыяга жетип, анын алабында суу ичип, дыйканчылык кылып келаткан Фергана өрөөнүнүн миллиондогон калкы жапа чегет. Майлысууда түзүлгөн мындай оор абалга Кыргызстандын коңшулары кайдыгер мамиле жасагандай таасир калтырат. Майлысуу боюнча өткөн жыйындарга коңшулар өз адистерин жиберишкени менен, азырынча каражат бөлүүгө чыгынбай келатышат.

- Өзбекстан деле, Тажикстан деле бул маселеге олуттуу мамиле жасап жатышат. Алар өз адистерин Майлысууга жиберип, абалды жакшы түшүнүшөт. Бирок өздөрү да кыйналып жаткандыктан, каражат бөлө албай келатышат, - дейт вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов.

Борбордук Азия мамлекеттерине караганда, уулуу заттар алып келүүчү кырсыктардын алдын-алуу иштерине эл аралык уюмдар, өнүккөн мамлекеттердин өкмөттөрү каражат бөлүшүүдө. 2001-жылдын июнь айынан тартып Майлысуудагы эң коркунучтуу делген № 3 уран калдыгынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ТАСИС долбоору иштей баштаган. Ага Европа Биримдиги жарым миллион евро өлчөмүндө каражат бөлгөн. Кыргыз өкмөтү уран калдыктары боюнча атайын программа кабыл алган. Министр Сатыбалды Чырмашевдин айтымында, программанын негизинде АКШ 2004-жылы 5 миллион доллар бөлүшү күтүлөт:

- Быйыл болбосо да, эмдиги жылы 5 миллион доллар бөлүнүп калышы күтүлүүдө. Эгер ал акча уран калдыктарынын коопсуздугуна жумшалып калса, бир топ иш бүтүп, жеңилдеп калат элек.

Анын айтымында, Орусиянын адистери Майлысуунун көйгөйүн жакшы түшүнүшөт. Ушу тапта Орусия тарап канча каражат бөлүү керектигин тактап жатат.
XS
SM
MD
LG