Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Чолпон Орозобекова, Бишкек СССР ыдырагандан бери кыргыз темир жолу кризистен чыга албай келет. Поезддер жана жүк ташыган вагондор эскирип, тармактын мамказынага жана башка өлкөлөргө карызы эгемендиктин алгачкы жылдарында оңбогондой өсүп кеткен. Ушул көйгөйлөрдүн тегерегинде Темир жол башкармалыгынын жетекчиси Иса Өмүркулов ой бөлүшөт.

- Иса Шейшенкул уулу, СССР ыдырагандан бери Кыргызстандын темир жол тармагы кризистен чыгалбай келатат. Деги темир жолдун акыбалын оңдогонго мүмкүнчүлүк барбы?

- Темир жол өзүнөн-өзү кризисте турбайт. Биздин темир жол жүк ташуучу болуп саналат. Биз Кыргызстандын экономикасынан толугу менен көз карандыбыз. Завод-фабрикалар иштесе бизге да жумуш табылат. Учурда канча жүк болсо да ташыганга даярбыз. Албетте, көйгөйлөр да жок эмес. Алардын эң башкысы - вагондордун жана локомотивдердин эскиргени. Бүгүн поезддерди же жүк ташуучу вагондорду жаңыртууга каражат табыш кыйын. Бир локомотивдин баасы - 1,5 миллион доллар. Бир поезддин наркы 3,5 миллион долларга чейин барат. Жүргүнчүлөрдү ташыган вагондордун бирөө эле 600-700 миң доллар турат. Жүк ташыган вагондордун көп түрлөрү бар, орточо баасын айтайын - 25-30 миң доллар. Азыр өзүбүздүн ремонттук базаны чыңдап, жаңы станокторду алуудабыз. Орусиянын заводдору менен тыгыз байланышта иштеп, айрым тетиктерди алардан түз алып, бузулган же сынган вагондорду оңдоп жатабыз.

- Кыргыз темир жол башкармалыгы жумушчуларына жана мамказынага карыз болгону аз келгенсип, Орусияга да олчойгон карызы бар эле. Карыздар бир аз азайып калдыбы?

- Бул эми 1996-жылдан бери келаткан окуя. Жумушчулардын айлыгына 24 миллион сом карыз болчубуз. Андан тышкары салыкка да карыз оңбогондой өскөн. 2000-жылдан бери четинен кутулуп келатабыз. Соцфондго 54 миллион сом карызыбыз бар эле, анын негизги бөлүгүн кайтарып берип, учурда бир аз айып үчүн тагылган каражат мойнубузда. СССР темир жолунун жалпы карызын бардык постсоветтик өлкөлөргө бөлүштүргөндө бизге 10 миллион доллар тийген. Ошол акчаны Орусияга жыл сайын берип атып бир кыйла азайттык. Мисалы, былтыр 1 миллионго жакын швейцар франкын төлөп бердик. Бүгүн Орусия менен биздин ортосубузда эсеп-кысап мамиле оңолуп калды. Учурда баланстык сальдо тең. Ошондуктан карыздар боюнча бир аз санаам тынчып калган кез.

- Бул кызматка жаңы келген жылдары кол алдыңыздагы жумушчуларыңыз «Өмүркулов жоголсун» деп Өкмөт Үйүнө, парламентке чейин барышты эле. Азыр жамаатыңыз менен тил табышып калдыңызбы?

- Кол алдымда 5 миң киши иштейт. Баарына жагыш, тилин табыш кыйын экен. Эми кемчиликтер деле болгон. Балким, ошого жараша сын-пикирлер айтылгандыр. Башкармалыкка караштуу 15ке жакын ишкана бар. Жетекчилери менен да иштеше билиш керек. Бирок, бардык кыйынчылыктар артта калды. Азыр андай процесстер токтоп, жалаң иш менен алек болуп атабыз. Менин бир көздөгөнүм - темир жолдун абалын оңдоо. 2001-жылы 80 миллион сом киреше алдык. Былтыр 36 миллион сом киреше таптык. Жумушчулардын айлыгын 25% көтөрүп, учурда орточо айлык 3,5 миң сомго чыкты. Андан тышкары социалдык камкордуктар бар. Арзан көмүр беребиз, жол киреге да жеңилдиктер берилип атат. Жылдан-жылга акыбал оңолуп келатат. Жүк ташуунун өлчөмү былтыр мурункуга салыштырмалуу 46% көбөйдү.

- «СССРден калган поезддер эскилиги жетип, эчак иштен чыккан» деген пикирлер көп угулат. Вагондорду жаңыртыш үчүн миллиондогон долларды деги таба албасыбыз анык. Айтыңызчы, азыр жүрүп аткан поезддердин акыбалы дурус элеби?

- Албетте, вагондордун ар биринин өз мөөнөтү болот. Ишке жарамдуу мөөнөтү бүткөндөн кийин аны колдонгонго эч акыбыз жок. Бул коопсуздук үчүн коркунучтуу. Жетекчи катары менин башым экөө эмес да. Биз деле элдин кырсыкка учурашына жол бербейли деп аракет кылабыз. Эски экени калетсиз, бирок техникалык жактан, коопсуздук жагынан инструкцияларга жана Мамстандартка жооп берет. Ошондой эле сапарга чыгаарда ар бирин дыкат текшерген адистерге толук ишенем. Сигнализация, байланыш, энергия менен камсыз кылуу жаатында эски, мыкты адистер иштешет. Славян улутундагы тажрыйбалуу адистер сакталып калган.

- Орусиянын шаарларына каттаган Түркмөнстан менен Тажикстандын поезддерин тазалык жана тартип жоктугунан расмий Москва жаап салган. Москва так ушундай эле себептер менен Бишкектен каттаган поезддерди да жабуу ниетин билдиргени чынбы?

- Кыргыз поезддерин биздин аймакта өзүбүз текшеребиз. Орусияга киргенде биз тийише албайбыз. Орусиянын бажычылары, чек арачылары жана милициясы текшерет. Казакстандын аймагынан да казактар өздөрү текшерүүгө укуктуу. Чынында кээде ар кандай дооматтар болот. Көп учурда негиздүү айтылат. Андай тартип бузуулар боюнча айтылганда дароо катуу чара көрөбүз. Жакында техникалык кеңешти угуп, бир топ жумушчуларды кызматтан алдым. Бирок, Орусия биздин рейстерди жабуу жөнүндө сөз кыла элек.

- Ылайым Орусияга каттаган поезддер жүрүп эле турса экен. Канчалаган кыргыздарды жан бактырып атат. Ушул тармактын башында турган адам катары айтсаңыз, эмне үчүн «кыргыз поезддеринде тартип жок, тазалык жок» деген дооматтар көп болот?

- Билбейм, менимче кептин баары элдин жалпы маданиятында го. Канчалык аракет кылып атабыз, баары бир ушундай көрүнүш болуп атат. Аны танбайм. Анын үстүнө айрым адамдардын өз милдетин аткарбаганы, билимсиздиги жана уятсыздыгы. Башка эч нерсе дей албайм.

- Орусия менен Казакстанды эле алсак, темир жолдон жакшы киреше көрүп, жанын тыңыраак багып атышат. Кыргызстан келечекте темир жол аркылуу көтөрүлө алабы?

- Биздин темир жол толугу менен жүк ташуучу болуп саналат. Биз экономиканын кан тамырыбыз, ар бир кыймылыбыз - өндүрүш кандай иштеп атканынын көрсөткүчү. Дагы бир жолу кайталайм, эгер өнөр жайы иштесе, канча жүк болсо да ташууга даярбыз. Анын үстүнө бизде транзит жок. Эмне үчүн Казакстандын темир жолу кирешелүү? Казакстандын темир жолу аркылуу кыргыздар, тажиктер жана түркмөндөр Орусияга каттап атпайбы. Дружба-Лашенково станциясы аркылуу Кытайга да өтүп атабыз. Тажикстандын темир жолунда 108 чакырым гана транзит бар. Ошол кенедей жол аркылуу эле тажиктер жылына 50 миллион доллар киреше көрүшөт. Себеби, биз Ферганага жүк ташыганда ошол транзит жол аркылуу өтөбүз. Кашгар-Торугарт-Жалалабад-Анжиян жолунун курулушун эртерээк башташ керек. Менин ушул жолдо үмүтүм чоң.
XS
SM
MD
LG