Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

ТОО КОЙНУНДАГЫ МУЗЕЙ


Султанаалы Арстан, Бишкек Кыргызстандагы байыркы тарыхый жерлердин бири - Ош шаарындагы Сулайман тоосу. Андагы үңкүр-музей өлкөдөгү уникалдуу жайлардын бири болуп саналат.

Байыркы Ош калаасынын борборундагы чөккөн төөдөй көрүнгөн Сулайман тоосунун боорунда 500, 1000 жыл тереңде берилеп келаткан адамзат жашоосунун ташка тамга болуп басылган издери бар экенин археологдор бышыктап келишет.

Советтик доордо «кудайсыздык жашоо мыйзамын тутунабыз» деген шылтоо менен эл-жердин көөнөлүгүнөн кабар берген баалуулуктардын бир далайынын жок болгондугу, көбүнө жок болуу коркунучу түшкөндүгү тууралуу далай мисалдар бар. Биздин сөздү мындан баштаганыбыз - Сулайман тоосунун туу чокусундагы Бабурдун үжүрөсү баш болгон ыйык жайлар өткөн кылымдын 60-жылдарында талкалануу селине туш болгон.

Алардын бири - кырка тоонун түштүк капталындагы, түйүнчөктүү сыры эми гана чечилип жаткан кош кабат үңкүр-музей. Миңдеген жылдардын жашоо элесин койнунда сактап калган, жалпы аянты 1138 чарчы метрди түзгөн, тизмектелген шакектей бири-бирине уланып кеткен үңкүрдү мындан 40 жыл илгери ресторанга, көңүл ачып, шапар тепчү жайга айландыруу аракеттери болгондогу замандаштардын эсинен чыга элек.
Бүгүнкү күндөгү үңкүр-музейдин ички абалы, шарты тууралуу илимий кызматкер Айчүрөк Ажыбаева төмөндөгүдөй маалымат берет:

- Үңкүр комплекси 1978-жылы ачылган. Бул жерде 13 кичинекей үңкүрчөлөр болгон. Аларды байланыштырып, кеңейтип, натыйжада ушундай музей салынган. Үңкүрдө температура өзгөрүүсүз болот, 14-15 градус жылуулукта сакталат.

Биринен экинчисине чынжыр сыяктуу уланып өткөн музейдин ички экспонаттарынын эң эски табылгалары - биздин доорго чейинки 3-4 миң жыл арыда жашоо кечирген адамдардан калган эстелик белгилер, табыттар жана башка буюм-тайымдар экен. Алардын таржымалын А.Ажыбаева мындайча түшүндүрдү:

- Биздин заманга чейинки 6-8 кылымдарга таандык болгон зороастризм дини менен таанышсак, адам баласы өлгөндөн кийин аны жер астына көмүү зороастризм дининде күнөө болуп саналган. Ошондуктан аза күтүүчү жайлар салынган. Адамдын сөөгүн сактоочу идиш асуарий деп аталат. Асуарий идиштери ар бир үй-бүлө үчүн салынган наус деген ибадатканаларда сакталышкан.

Аска койнундагы таш коңул аркылуу экинчи кабатка Кыргызстандагы жан-жаныбарлардын катырылган кептерин аралай көтөрүлгөн зыяратчы Рушан үңкүрүнө туш келет.

- Биздин үңкүрдө Түштүк Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүн чагылдырган, Өзгөндөн, Ноокаттан, Баткенден алынып келген, чоподон жасалган идиштер, бул жерде таштан жасалган буюмдар да бар. Ата-бабалар ушул таштарга нан жапкан, - дейт А. Ажыбаева.

Рушан үңкүрүнөн сыртка баш баккан, тоо бооруна чыккан адамга мемиреген Ош калаасынын тиричилик менен алпурушкан адамдарынын жашоо-турмушу, кеңирсип жаткан талаалар, Алайдын ак карлуу чокулары сүрөт сымал көзүнө тартылат.
Байыртан бери тогуз жолдун тоому, Улуу Жибек Жолунун өзөгү болуп келген Ош калаасына, аны аралай аккан шоокумдуу Ак Буура дарыясына өбөк салган Сулайман тоосунун койнундагы таберик жай өткөндү каранчу күзгү болсун деген гана изги тилек.
XS
SM
MD
LG