Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

«ХИЗБ УТ-ТАХРИР» УЮМУНУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТААСИРИ УБАКТЫЛУУ


Жаркын Темирбаева, Прага Сoңку жылдары “Хизб ут-тахрир” кыймылынын кыргызстандагы мүчөлөрү өкмөткө каршы үгүт жүргүзүүсүн кескин күчтөндүрө баштады деген кооптонуулар пайда болду. “Хизб ут-тахрирге” байланышы бар деген шек менен жергиликтүү 700 жаран байкоого алынган. Аларга өлкөнүн конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө жана улуттар арасында чагымчылык кылууга аракеттенген деген айып коюлган. Айрым аналитиктер “Хизб ут-тахрир” уюмунун Ирак согушуна каршы жүргүзгөн үгүттөөлөрү Ош облусунда жашаган кыргыз, өзбектердин өз ара мамилесине да залакасын тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Бирок, экинчи бир байкоочулар мындай пикирлерге макул эмес жана бул уюмдун Кыргызстандагы таасири убактылуу гана дешет.

“Вечерний Бишкек” гезитинин жазганына караганда, акыркы күндөрү “Хизб ут-тахрирдин” баракчалары жумурияттын түндүгүндө, анын ичинде Бишкекте да таратылып жатат. Күндүзү колдон-колго берилсе түндөсү дубалдарга чапталып кетет. Ал баракчаларда өкмөткө жана кудайга ишенбегендерге каршы чакырыктар жазылган.

Ушул тапта АКШда жүргөн оштук журналист Алишер Хамидовдун айтышынча, “Хизб ут-тахрир” уюму АКШнын Иракка каршы согуш жүргүзгөнүн шылтоолоп, Америка бүткүл дүйнөгө үстөмдүгүн орнотууга аракеттенип жатат деп үгүттөөдө. Кыргызстандын тартип коргоочулары бейформал уюмга тыюу салуу үчүн маал-маалы менен рейд өткөрүп, шектүүлөрүн кармап, анысы менен уюмдун ишмердүүлүгүн күчтөндүрүүгө түрткү болуп жаткандай, дейт Хамидов. Мисалы апрель айынын башында эле бул уюмга тиешеси бар деп шектелген Ош шаарынын 9 жараны кармалган. Ошол эле мезгилде Бишкекте 3 адам камакка алынган. Аларга Кылмыш Кодексинин 297, 299-беренелеринин негизинде өлкөнүн конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө, диний араздашууга жана улуттар арасында чагымчылык кылууга аракеттенген деп айып коюлган.

Кээ бир байкоочулардын айтымында, кыргыз өкмөтүнүн жарандардын укуктарын чектегени “Хизб ут-тахрирчилердин” үгүт иштерин күчтөндүрүүгө кайсыл бир деңгээлде таасир этүүдө. Анткени, саясый эркиндикти чектөө ислам радикализмин күчтөндүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, “Хизб ут-тахрирге” байланышы бар деген шек менен 700 жарандын үстүнөн байкоо жүргүзүлүүдө. Кармалган адамдардын тууган-туушкандарынын айтымында, алар эч кандай кылмыш жасаган эмес. Ош шаарынын тургуну Айзада Кочкорова өз уулу баракча тараткан деп кармалганын, бирок тергөө учурунда коюлган күнөө далилденбегенин айтат. Жергиликтүү аналитик Батыр Токтобаевдин оюнча, “Хизб ут-тахрир” уюмунун АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн Ирактагы согушуна каршы жүргүзгөн үгүттөөлөрү Ош облусунда жашаган кыргыз, өзбектердин өз ара мамилесине залакасын тийгизиши мүмкүн. Бирок анын мындай пикирине башка жергиликтүү серепчилер макул эмес.

Алишер Хамидовдун айтымында, кыргыздар негизинен “Хизб ут-тахрирчилерди” анча жактыра бербейт. Уюмдун мүчөлөрүнүн 90 пайыздан ашыгы өзбектер, - дейт Хамидов. Башка адистердин баамдашынча, “Хизб ут-тахрир” уюмунун кызматын кылгандар күнүмдүк акчага алдангандар. Аны өтө эле олуттуу проблемага айлантып, коомчулуктун кооптонуусун пайда кылууга эч кандай негиз жок. Себеби, баракча таратып жүргөндөр кээде андагы жазылгандардын маани-маңызын дале түшүнө бербейт.

Ошентсе да бул диний уюмдун азгырыгына кирген жарандар өз аракеттери үчүн күнөөлөнүп камакка алынууда. Жакында Кыргызстандын түштүгүндө көпчүлүгүнүн баласы же күйөөсү баракча таратып жүргөн жеринен кармалгандардын жакын-туугандары митингге чыгышты. Кээ бир аялдар милиция кызматкерлерине кол көтөргөнгө чейин баргандан улам, милиция митингди күч менен таркатууга мажбур болгон.

Кыргызстандын биринчи акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу “Хизб ут-тахрир” уюмунун кыргыз коомчулугуна эч кандай коркунучу жок деген пикирде. Ал эми бей өкмөттүк уюмдар боюнча коалициянын башчысы Эдил Байсаловдун оюнча: “Кыргыз бийлигинин аталган уюмга каршы күрөшү көбүртүлүп-жабыртылып маалымдалууда. Аны шылтоолоп, саясый күрөш үчүн Батыштан каражат сурашат”.

Кээ бир байкоочулардын пикиринче, Ирак согушу биротоло аяктагандан кийин эле “Хизб ут-тахрир” уюмун колдоо тездик менен басаңдай түшүшү күтүлөт. Токтобаевдин айтышынча: “Эгер Ош шаарындагы завод-фабрикалар ишин кайра жандантып, жумушсуздук жоюлса “Хизб ут-тахрир” уюму сыяктуу уюмдардын кайсыл бирин болбосун колдогондордун саны кескин азаймак”.

XS
SM
MD
LG