Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

“СЫБЫЗГЫ” 22: КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ ТУУРАЛУУ ТАСМА ПРАГАДА


Урматтуу угармандар. Ушул шаршембиде Чехиянын баш калаасында адам укуктарына арналган документалдуу фильмдердин "Бир Дүйнө" аттуу фестивалы соңуна чыкты. Жүздөгөн тасмалардын арасында жаш режисер Динара Сүймалиеванын "Гастрелерлор" аттуу кыргыз мигранттары тууралуу тасмасы да болду. "Азаттык" радиосунун "Сыбызгы" радио-журналында бүгүн Динара Сүймалиева конокто. Радио-журналдын редактору Жаңыл Жусубжан ошондой эле фестивалдын жюри мүчөсү, финляндиялык режиссёр Арто Халлонен менен кыргыздар жана Манас тууралуу баарлашты.

Жаңыл Жусубжан: Динара Сүймалиева - Пирамида радио-теле компаниясынын башкы редактору. Кыргызстандан Казакстанга, Орусияга барып соода кылып жүргөн жүз миңдеген кыргыз мигранттарынын көйгөйүн ал мага төмөнкүчө баяндады:

Кыргызстанда беш миллион кишинин бир миллиону миграциялык процесстерге тартылган. Турмуштун айынан алардын жарымынан ашыгы Орусияга, азыраагы Казакстанга кеткен. Муну жакшы-жаман дегим келбейт, бирок турмуш ушуга мажбурлап жатат. мамлекеттен жардам жок болуп калды, ар ким өз арбайын өзү сокконго мажбур. Айтмакчы, гастарбайтерлер же кара жумушчулар Орусиядан чыгарып кеткен акча алардын өз өлкөсүндөгү чет элдик инвестициядан ашып түшөт.

Динара Сүйүмалиева – "Гастролерлер" аттуу даректүү тасманын автору. Тележурналистиканын үлгүсүндө, көптөгөн фактыларга жана интервьюларга негизделген фильмдин режисёру мигранттардын 80 пайызынын мекени болгон Өзгөн, Таштак жана башка түштүк айылдарында, казактардын тамеки талааларында, Алматынын жана Екатеринбургдун базарларында болгон.

Интерньюс, Эл аралык Миграция уюмдарынын каражатына тартылган фильм үчүн Динара Сүймалиева Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун каарман журналист сыйлыгына көрсөтүлгөн. Азыр Динара чет өлкөгө сексуалдык күңчүлүккө сатылган кыздар тууралуу жаңы фильм тартып жатат. Бул максатта ал март айында Бириккен Араб Эмираттарында болуп келди. Кыргызстандан жылыга чыгарылып кеткен 4 миңден ашык кыз-келиндин ар бир төртүнчүсү ушул өлкөдө "конуш алат". Араб Эмираттарында Динара алардын 10 чактысы менен жолугушуп, алар иштеген түнкү барларда болуп кайтты.

"Бир дүйнө" фестивалында Европадагы качкындардын тагдыры, мусулман өлкөлөрүндөгү аялдардын турмушу, Палестиналык качкын лагериндеги кыргын, эскимос элинин катаал табигат менен тынымсыз күрөшү, бийчи чечен балдардын Европадагы концерттери, Перуда алтын өндүрүшүнөн ууланган адамдардын трагедиясы, Сибирде төрт-беш айлап маяна албаган кенчинин кантип касапчы болгону жана башка ушул сыяктуу ар кыл өлкөлөрдөгү жөнөкөй адамдардын күнүмдүк жыргалын жана кууралын чагылдырган 250 чакты фильм Праганын 11 кинотеатрында коюлду.

Калыстар тобунун мүчөсү Арто Халлонен фестивал аяктаган шаршемби күнү "Азаттыкта" конокто болду. Халлонен - кыргыз айылдарынын пост-советтик доордогу турмушу жөнүндөгү "Жылдыздар кербени" аттуу документалдуу фильм тарткан. Мен жаш режиссёрдон бул тасманы кандайча, кандай максат менен тартканын сурадым. Анда сөз Арто Халлоненде.

Арто Халлонен: Мен Азияда, тактап айтканда Тибетте, Индияда, Непалда, Кытайда жана Малайзияда даректүү үч кино тарткам. Ошондон улам мени Азияны билген режиссёр деп калышкан окшойт. Бир продюсер мага кайрылып, Кыргызстанда документалдуу кино тартууну сунуш этти. Ал кезде мен Кыргызстан тууралуу эч нерсе билген эмесмин.

Жаңыл Жусубжан: Арто Халлоненге алгач бир айылдан экинчи айылга ат менен каттап, кино көрсөткөн киши тууралуу даректүү фильм тартууну сунуш кылышкан. Алар Советтер Союзу менен кошо мындай кино-кербен да тарыхтын бүктөмүндө калып кеткенин билишкен эмес. Ошого карабастан, Халлонен 1998-жылы Кыргызстанга "чалгынга" келет. Кийинки эки жылда тартылып бүткөн "Жылдыздар кербени" бир катар фестивалдарга катыштырылды. Тасма Прагада адам укуктарынын "Бир дүйнө" фестивалында өткөн жылы көрсөтүлдү. Маектешибиз быйыл аталган фестивалдын жюрисине мүчө болду. Халлонен кыргыздар тууралуу тасманын тартылыш таржымалы боюнча сөз учугун минтип улады.

Арто Халлонен: Баштапкы идеябыздан баш тартууга мажбур болдук. Бирок анын аралыгында, мен ар кыл дин, түшүнүк, идеялогиялардын казанында кайнап жашаган кыргыздардын жашоосуна кызыгып калдым. Ислам динин тутуп, коммунизмди башынан өткөргөн, кечээки көчмөн, бүгүн базар экономикасын күжүрмөн өздөштүрүп жаткан, кайталангыс өтмүшү бар кыргыз эли Манасты туу тутат экен. Мен дал ушул "курама темир" элдин бүгүнкү күндөгү турмушун тасмага түшүргүм келди.

Жаңыл Жусубжан: "Синема Парадизо" деген көркөм тасмада Жузеппе Торнаторе кинонун сыйкырдуу күчүн көрсөтө алган. Эми Арто Халлонен бул теманы элеттик Кыргызстанда электтиктердин турмушун болгонун болгонундай чагылдырууну чечти. Массалардын калың катмарын маданиятка сугарып, коммунизмдин идеяларына үгүттөө үчүн, аскасы асман тиреген тоолорго чейин кино-кербен жиберип турган советтик режим кулап калды. Бирок Нарында айылдан айыл кыдырып, кино көрсөткөн Зарылбек Дыйканбаев сүйүктүү ишин таштап басып кете албады. Советтик кинонун шедеврлерин коюп жүргөн киномеханик жердештерин кино сыйкырынан кур калтыргысы келген жок. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, өкмөттөн акча бөлүнбөгөн соң, сапатсыз видеомагнитафон менен телевизордун кымындай экранынан табитсиз тебишмей кинолорду көрсөтө баштады. Зарылбак киного алагды болуп, күнүмдүк турмуштун оорчулугун унуткусу келет, коммунизм кайтып келсе, киного акча берилет эле деп кыялданат. Бирок бүгүнкү турмуштун башка артыкчылыктарын таразалап келип, кайра "кой" дейт. "Жылдыздар кербенинде" кыргыз эли жана Манас темасына да көп көңүл бурулат.

Арто Халлонен: Мени кыргыздардын эпикалык баатыры Манас менен кыргыз элинин ортосундагы байланыш, алардын өз ара жакындыгы өзгөчө кызыктырды. Мен бул абдан бийик руханий байланыш экенине ынандым.

Жаңыл Жусубжан: "Жылдыздар кербени" бир гана кыргыз темасын чагылдырат. Ошого карабастан продюссерлер Финляндиянын, Белгиянын, Даниянын телеканалдарынан жана америкалык кино таркатуучу фирмадан каражат топтой алышкан. Экранга чыккандан бери бул фильм Амстердамда, Канадада жана башка жерлерде бир катар маанилүү фестивалдарда көрсөтүлдү. Арто Халлонен "Жылдыздар кербени" көп окуяларды камтыган, бир аз татаал тасма экенин моюнга алат. Эл аралык терроризм маселеси жаңыдан курчуй баштаган мезгилге тушташ экранга чыгып калып, бул тасма көпчүлүктүн назарын өзүнө бурду.

Арто Халлонен: Бул жөнөкөй фильм эмес, анда көп окуялар баяндалат. Анан дагы биз аны тартып жатканда, исламчыл радикалдар Кыргызстанга кол салышпады беле. Ал 11-сентябдагы кыйракандан кийин Нью-Йоркто көрсөтүлгөндө көп киши келип көрдү.

Жаңыл Жусубжан: Агартуучу, коомдук аң-сезимди көтөрүүчү өтө таасирдүү күч болгон документалдуу кино бүгүн Кыргызстанда өтө аз тартылат. Прагада жаңы аяктаган "Бир Дүйнө" фестивалында Кыргызстандан Динара Сүймалиеванын "Гастролерлеру", Казакстандагы өспүрүмдөр колониясы тууралуу "Экспериментум крусиз", Тажикстандан кыска метраждуу "Миссия" деген гана саналуу фильмдер көрсөтүлдү. Ошентсе да, фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү Халлонен жалпы эле борбор азиялык кинонун келечегинен үмүт үзбөйт.

Арто Халлонен: Мен Кыргызстанда бир топ киночулар менен таанышууга жакшы мүмкүндүк алдым. Каражаттын жоктугу кендирди кесет. Советтик мезгилде кино тартканга жакшы шарт болгон. Айрым студиялар азыр чыгармачылык жогорку деңгээли менен айырмаланбаган коммерциялык фильмдерди тартууга ык алып калышты. Бирок Кыргызстанда жыл сайын жок дегенде бир кино тартылат, режиссёрлерго акча табылып калат, бул да жаман эмес. Келечекте көп чыгармалар жаралат деп ишенем, анткени Борбор Азияда, (анын ичинде) Кыргызстанда айтыла турган сөз, тартыла турган сюжет көп.

Жаңыл Жусубжан: Дүйнөдө адам укуктарына арналган бир канча фестивалдар бар, алардын ичинен "Бир дүйнө" эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Халлонен белгилегендей, мындай фестивал үчүн Чехия айрыкча ылайыктуу, коммунисттик доордо Вацлав Гавел баш болгон чех жана словак диссиденттеринин акыйкаттык үчүн күрөшү антикоммузимдин тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү да фестивалдын чегинде иштеди. Көргөзмөнүн ачылышында, азыр "Азаттыктын" Прагадагы штаб-квартирасында иштеп жаткан Жаркын Суран кызы "Кызыл жоолук жалжалым" кинофильминдеги айтылуу Илястын ырын созолонтуп, сиздин кабарчы комуз ойноп, көрөрмандар үчүн чакан оюн койдук.
XS
SM
MD
LG