НАТО уюмунун басма сөз катчысы Ив Бродйөнүн айтымында, Бириккен Улуттардын Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттерин жетектөө НАТОго сунуш кылынды. Сунуш Алмания, Голландия жана Канада өкүлдөрүнөн чыкты. Буга чейин Ооганстандагы тынчтык аракеттерин Алмания, андан соң Алмания менен Голландия биргелешип жетектеп келген. Андай жетекчилик алты ай сайын алмашылып турат.