Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Дамасктын айтымында, АКШ менен Сирия ортосундагы мамилелер бузулбашы керек


Сириянын тышкы иштер министрлиги 16-апрелде атайын билдирүү жасап, Дамаск менен Вашингтон ортосундагы мамилелер бузулбашы керек деп жарыялады. АКШ жетекчилери акыркы күндөрдө Сирияны күнөөлөп, ал Ирактан качкан Саддам Хусейндин режиминин жетекчилерин каткан жана Сирияда химиялык курал бар деп билдирген. Дамасктын айтымында болсо, Сирия жакында Бириккен Улуттардын атайын резолюциясынын долбоорун даярдап, Жакынкы Чыгыштагы бир да мамлекетте кеңири кыруучу курал болбошу керектигин сунуш кылат. Сирия азыр Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG