АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, Америка Кошмо Штаттары Ирактын жаңы өкмөтүн дайындабайт, ал жөн гана ирактыктарга жаңы жетекчилик тандап алууга көмөктөшөт. Андан тышкары, Буш 16-апрелде Бириккен Улуттарга кайрылып, аны 1990-жылы Иракка каршы жарыяланган экономикалык чектөөлөрдү алып салуууга чакырды, анткени эми өлкө башка дүйнө менен ачык соода жүргүзүүгө тийиш. Чектөөлөр боюнча, Бириккен Улуттардын "Мунай үчүн азык-түлүк" аттуу программасынан тышкары, эч ким Ирак менен башка соода жүргүзбөшү керек.