Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Баян Жумакадыр кызы, Прага 16-апрелде АКШнын президенти Жорж Буш Бириккен Улуттады Иракка каршы жарыяланган чектөөлөрдү алып таштоого чакырды. Ал эми АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлү Жон Негропонте бул чектөөлөрдү алып таштоо үчүн Вашингтон тийешелүү чараларды көрүүгө камданып жаткандыгын билдирди.

Миссури Штатынын Сен Луис шаарында шаршембиде сүйлөгөн сөзүндө президент Жорж Буш мындай деди:

Эми Ирак боштондукка чыгарылды, Улуттар Уюму өлкөгө каршы киргизген чектөөлөрдү алып таштоого тийиш.

Ошол эле күнү Американын Улуттар Уюмундагы өкүлү Жон Негропонте чектөөлөрдү алып таштоо максаты менен анын өлкөсү ырааттуу чараларды көрүүгө кам уруп жатканын билдирди.

Муну менен АКШ жетекчилиги Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Иракка чектөө жарыялаган бир катар резолюцияларын күчүнөн кетирүү жөнүндө сөз кылууда. Андай резолюциялардын алгачкысы 1990-жылдын 6-августунда Ирак Кувейтти басып киргенден төрт күн өткөндөн кийин кабыл алынган. Кеңештин 661-резолюциясына ылайык, өлкөлөргө Ирактын товарларын, анын ичинде, Ирактын мунайын импорттоого тыйуу салынган. Ошону менен катар, Иракка каруу-жарак жана алардын тетиктерин сатууга да тыйуу кылынган.

Коопсуздук кеңешинин 1991-жылы 3-апрелде кабыл алган резолюциясында болсо Ирактын өзөктүк, химиялык жана биологиялык куралдарын жойуу, 150 чакырымдан алыс учуучу ракеталарын жок кылуу жана Иракты куралсыздандыруу процессине көзөмөл жүргүзүү үчүн атайын инспекторлор тобун түзүү каралган. Ошону менен катар документте чектөө Ирак куралсызданганда гана алынып таштала тургандыгы белгиленген. Бул эки негизги документке андан кийинки жылдары кошумча дагы бир нече резолюциялар кабыл алынып, Иракты куралсыздандыруу үчүн курал инспекторлорунун жаңы агенттигин түзүү, Ирак элин азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн "Мунайга-азык түлүк айырбаштоо программасын" түзүү чечими кабыл алынган болчу.

Америкалык жетекчилик бул чектөөлөрдү алынып ташталышы Иракты кайра куруу үчүн өтө зарыл экенин билдирет. 16-апрелде Ирактагы коалициялык аскерлердин башкы командачысы генерал Томми Фрэнкс өлкөдөгү жагдайды өз көзү менен көрүү үчүн Багдадга учуп келди. Саддам Хусейндин кеңселеринин биринде өткөргөн прессконференцияда ал Иракты электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу акырындап калыбына келтирилип, госпиталдарды дары-дармек менен камсыздоо жөнгө салынып жаткандыгын баяндады.

Бирок абал салыштырмалуу тынчып калганы менен баш калаада америкалык аскерлер менен Хусейндин тарапкерлеринин чаржайыт ок атышуулары дагы эле орун алууда. Хусейндин бийлиги кулаган бир аптадан бери Багдаддагы өкмөттүк имараттар, мейманканалар, элчиликтер менен сандаган дүкөндөр таланып-тонолду. Кой дээр кожосу жок калганын аңдаган калк Эки Дарыя Аралыгындагы байыркы цивилизацияларга тийешелүү уникалдуу экспонаттарды талап кетти. Ийне менен кудук казган сымал талбас эмгектин арты менен бою топтолуп, изилденген Ассирия, Вавилон жана Шумер коллекциялары көз ачып, жумганча жок болду. Багдад калаасы Араб Халифатынын борбору болуп турган доорго тийешелүү китептер жыйналган Улуттук Китепкана бомбалоо учурунда өрттөнүп кетти.

Улуттук байлыктын сатылып кетишине бөгөт койуу үчүн ЮНЕСКОнун баш катчысы Коихиро Матсуура Иракка таандык өнөр буйумдарына эл аралык соода эмбаргосун киргизүүнү сунуш кылды. 17-апрелде жасаган билдирүүсүндө Матсуура Улуттар Уюмунун тийешелүү резолюциясы баа жеткис өнөр буйумдарынын Иракка кайтарылып берилишине жол ачаарына үмүттөнүп жатканын айтты.

Америкалык аскердик жетекчилик эки айдын ичинде Ирактын мунай кендериндеги өндүрүштү кеминде 70 проценттик деңгээлге жеткирүүнү пландаштырууда. Аскерий жетенчилик согуштан кыйраган өлкөнү кайра куруу процессине карапайым калкты тартуу боюнча иш-чараларды да караштырып жатат. Өлкөнү кайра курууга Ирактын сүргүндөн кайтып келип жаткан оппозициясы активдүү катышмакчы.

Ирактын Улуттук Конгрессинин жетекчиси Ахмад Чалаби өлкөнүн коомчулугу жана диний жетекчилиги менен жолугушууну пландаштырып жатат. Ал өзүнүн ишин Американын Ирактагы администрациясынын башчысы, генерал Жей Гарнер менен координациялап тураарын билдирди.

Бирок байкоочулар Иракты кайра куруу оңой болбосун айтып жатышат. Иракты кайра куруп, анда чыныгы бейпилдикти орнотуу жараяны ага каршы согушкандан алда канча кыйын болот, дешет алар.
XS
SM
MD
LG