Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Чолпон Орозобекова, Бишкек 1999-жылы президент Аскар Акаев чет элдиктерге виза берүүнүн жол-жобосун жумшартууга багытталган жардык чыгарган. Кыргыз өкмөтү буга чейин да инвесторлорду тартыш үчүн алардын өлкөгө кирип келаткандагы түйшүгүн азайтуу жөнүндө кеп козгоп келген. 15-апрелде кыргыз өкмөтү 28 өлкөнүн жарандары үчүн виза алууну бир кыйла жеңилдетти. Алар: Австралия, Австрия, Бельгия, Германия, Дания, Грекия, Улуу Британия, Испания, Исландия, Италия, Канада, Кипр, Корея, Лихтенштейн, Люксембург, Мальта, Монако, Нидерланд, Норвегия, Жаңы Зеландия, Португалия, АКШ, Финляндия, Франция, Швейцария жана Швеция.

Жарандары Кыргызстанга кирүүгө эч тоскоолдуксуз виза ала турган өлкөлөрдүн тизмеси да дароо бекитилди. Тышкы иштер министринин орун басары Талантбек Кушчубековдун айтымында, Кыргызстанга жарандары салыштырмалуу аз каттаган, инвестициялык жана туристтик потенциалы күчтүү өнүккөн мамлекеттердин өкүлдөрү үчүн виза алуу жөнөкөйлөштүрүлдү:

- Мындан ары ушул 28 өлкөнүн жарандары түз эле Бишкекке келишет. «Манас» аба майданынан арыз жазып, дароо виза алышат. Мурдагыдай Кыргызстандан чакыруу күтүп, анан өз өлкөсүндөгү Кыргызстандын элчилигине виза алганы кайрылып отурушпайт.

1999-жылы эле президент Аскар Акаев өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу максатында айрым өнүккөн өлкөлөрдүн жарандарына визалык режимди жумшартууга багытталган жарлыгын чыгарган. Вице–премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Президенттин бул указын турмушка ашыруу жана инвесторлордун да каалоо-тилегин орундатуу үчүн өкмөт ушундай кадамга барды», - деп билдирди. Анын оюнда, бул токтом Кыргызстанга келүүнү каалаган чет өлкөлүк инвесторлордун санын арттырат:

- Инвесторлор Ысыккөлдө өткөн саммитте визалык режимди өзгөртүүнү сунуш кылышкан. Бул алар үчүн өлкөдөгү шартты жакшыртып, түйшүгүн азайтат. Ал болсо мамлекетке инвестициянын жана туристтердин агымы көбөйөт деген сөз.

Бүгүндөн баштап Австралия, Австрия, Германия, Америка, Финляндия, Бельгия, Франция, Испания, Корея, Кипр жана башка бир катар өлкөлөрдүн жарандары виза алуу түйшүгүнөн арылды. Бишкекке учуп келгенден кийин алар аба майданынан виза алуу ниетин билдирип арыз жазганы гана болбосо, башка убара тартышпайт. Мындан тышкары, ушул өлкөлөрдүн жарандарына карата буга чейинки «ички иштер органдарына каттоого туруш керек» деген норма жоюлду. Ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, мындан кийин тартип сактоочулар бул өлкөлөрдүн жарандарын көчөдөн токтотуп каттоодон өткөн-өтпөгөнүн текшерүүгө мыйзамдык негиз жок. Ал эми биздин: «Чет өлкөлүк жарандарга эшикти кенен ачып салуудан кылмыштуулук жана башка жагымсыз окуялар көбөйүшү мүмкүнбү?» - деген сурообузга ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев мындай жооп берди:

- Булар өнүккөн, цивилизациялуу мамлекеттер. Анын үстүнө бизге келип аткан чет өлкөлүктөрдүн 12% гана ушул 28 өлкөнүн өкүлдөрү түзөт. Кыргызстанда булар кылмышка барбайт. Бизде жаман окуяларга Тажикстан, Ооганстан, Кытай, Түркия өңдүү өлкөлөрдүн жарандары көбүрөк аралашып атышат. Аларга виза жеңилдетилген жок, алар мурункудай эле ички иштер органдарынан каттоодон өтүшөт.

Ал эми вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев:

- Эгер ошол чет элдик жаран Интерпол аркылуу издөөдө жүрсө же эл аралык коомчулуктун «кара тизмесинде» болсо, ага виза берилбейт, - деп билдирди.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан чет өлкөлүктөргө виза алууну жеңилдеткен эң биринчи өлкө болду. Мамлекеттин чек арасын басып өткөндөн кийин аба майданынан бир заматта колуна виза карматуу постсоветтик өлкөлөрдүн эч биринде турмушка киргизиле элек.
XS
SM
MD
LG