Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Эмгек мигранттары, мыйзамсыз келген бозгундар, гастролерлор. Кыргызстандан жылыга Орусияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө өз бетинче жумуш издеп кеткен жарым миллиондон ашык кишини мекенинде эмгек мигранттары деп коюшат. Ал эми барган жеринде жымсалдабай эле "нелегалдар", "гастролёрлор" деп жектешет. Мигранттардын жол азабы, он-ондоп шыкалып жашаган бир бөлмө батирлери, кечинде көчөгө чыккандан жүрөк заада болуп корунган турмушу тууралуу ачуу чындыкка ушул айда Прагада көрсөтүлгөн "Гастролёрлор" деп аталган бир сааттык даректүү тасмадан күбө болдук. Тасманын режиссёру Динара Сүймалиева менен Жаңыл Жусубжан маектешти.

Жаңыл Жусубжан: Динара Сүймалиева - Пирамида телерадио компаниясынын баш редактору. "Интерньюс" жана Эл аралык Миграция уюму бөлгөн каражатка Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз мигранттарынын сай-сөөктү сыздаткан жашоосун тасмага түшүргөн. Бул тасма Прагада жаңы аяктаган "Бир Дүйнө" фестивалынын алкагында 13-апрелде көрсөтүлдү.

Бишкектен чыккан поезд Казакстан менен Орусиянын чек арасына жеткенде тык токтоду. Орус чек арачылары купелерди түп көтөрө аңтарып, тирелтип жыйынган түйүнчүктөрдү сыртка ыргыта башташты. Эки сааттын ичинде поезд жылан сыйпагандай бошоп, ар бир вагондун алдында ала каптал түйүнчөктөр додо болуп жыйылды. Түйүнчүктөрдүн үстүндө эс-учун жоготуп талып жаткан кызыл жемпирчен чыканактай келиндин абалын сурап койгон жан жок, кыйкырык-сүрөөн, ар ким өз оокатын саксактап жүгүрүп жүрөт. Бирок эч ылаажы болбоду, чек арачылар декларацияланбаган жүктүн баарын конфискациялап, жүздөгөн кыргыз же соодадан жок, же товарынан жок алакан жайып кала берди.

Орус чек арачылары Бишкектен келаткан поездди тинтип, миллиондогон сомдук товарын тартып алган бул окуя "Гастролёрлор" тасмасындагы айрыкча оор кадрлардын бири. Кыргызстандын жарандары туш болгон бул мүшкүлдөр үчүн ким күнөөлүү? Товарын декларациялабаган мигранттардын өздөрүнөн да кетип жатканы шексиз. Ал эми кыргыз өкмөтү жетиштүү аракет көрдүбү? Орусия тараптан кандай калпыстык кетип жатат? Мен Динарага ушул суроолорду узаттым.

Динара Сүймалиева: Ооба, бул үч аспект үчөө тең бар. Биринчиден биздин өлкөлөрдүн миграция мыйзамдары ийине жеткирилген эмес, алар башка өлкөлөрдүн мыйзамдары менен айкашып турушу керек эле. Өкмөт кол куушуруп отурат деп айта албайм. Тилекке каршы, жогору жакта келишимдерге бапыратып кол коюшат, бирок жер-жерлерде, ошол эле Орусияда милиционерлер адам укуктарын, анын ичинде кыргызстандыктардын укуктарын кадам сайын бузушат. Кыргыздар да сүттөн ак эмес, мыйзамдарды сакташпайт, тыйуу салынган товарларды ташышат, барган жеринде каттоодон өтүшпөйт. Булардын баары эмгек миграциясын башкаруу жолго коюлбагандан болуп жатат.

Жаңыл Жусубжан: Эмгек миграциясы бардык өлкөлөрдө бар. Аны кантип башкаруу керек? Ошол эле силер барып келген Екатеринбург областында 16 миң кыргыз бар экен, ал жерде ачылган Кыргызстандын консулдугу укук бузуулар менен кантип күрөш жүргүзүп жатат?

Динара Сүймалиева: Консулдук эчтеке кылбайт дегим келбейт, бирок Сибир, Урал округунда 300 миң кыргыз болсо, аларды консулдукта үч гана киши тейлейт. Алар, албетте, баарына жетише алышпайт. Сөзсүз жер-жерлерде иш жүргүзүш керек. Ошондой эле тартип коргоочуларды теске салуу зарыл. Алардын бир катары имигранттардын эсебинен капчыгын кампайтып жатышат.

Жаңыл Жусубжан: Бул эми - кыргыз бийликтеринин жана ошол эле Орусиядагы тартип коргоочулардын дарегине айтылган сын. Ал эми кыргыз мигранттары өздөрү тартип коргоочулардын "кылтагына" илинбей, мыйзамдуу бизнес кылыш үчүн эмне кылыштары керек?

Динара Сүймалиева: Чындап келгенде, алар Орусияга мыйзам жолу менен товар алып келишсе, пайда түшпөй калат. Кеп ушунда болуп жатпайбы. Орусияга, Казакстанга иш издеп кеткендердин 80 пайызы – майда соодагерлер. Алар мындай сооданын күнү бүтүп баратканын түшүнө башташты деп ойлойм. Көбү - мугалим, инженер жана башка жогору билимдүү адистер. Алар шарт болгондо ошол эле Орусияда өз адистигибиз боюнча иштейт элек дешет. Азыр ушулардын маселесин колго алышса кандай сонун болот эле.

Жаңыл Жусубжан: Силер мына даректүү тасмаңар менен Прагадагы адам укуктары боюнча документалдуу фильмдердин фестивалына катыштыңар. Ушул эле өлкөдө мындан бир нече жыл мурда Замир Эралиевдин Барскоон кырсыгы тууралуу "Алтын авария" деген фильми көрсөтүлгөн. Былтыр финляндиялык режиссёр Арто Халлонендин нарындык киномеханик Зарылбек Дыйканбай уулу тууралуу "Жылдыздар кербени" аттуу тасмасы коюлду. Быйыл мына силер келип отурасыңар. Жаш режиссёр жана журналист катары Кыргызстандагы документалдуу кинонун бүгүнкү абалына кандай баа бере аласыңар?

Динара Сүймалиева: Мага кыргыз документалистикасына, анын классикалык үлгүсүнө баа бериш кыйын. Мага кинодокументалистикага караганда, журналисттик иликтөө жакыныраак. Тилекке каршы, журналисттик иликтөө бизде унутулган эмес, бирок түйүлдүк абалындагы бойдон. Орусияда ал эң бир популярдуу жанрлардын бири, мезгилдин талабына бап келет окшобойбу. Тийиштүү өкмөттүк структуралар чече албаган же назар салбаган көйгөйлөрдү журналисттер көтөрүп чыгышууда. Биз, журналисттер, ушул вазийпаны аркаласак, абдан жакшы болмок.

Жаңыл Жусубжан: "Гастролёрлор" тасмасы Бишкекте былтыр күздө орусиялык делегация келгенде парламенттер аралык жыйында көрсөтүлгөн, кызуу талкуудан кийин Орусия менен Кыргызстандын бийликтери эмгек миграциясы боюнча үч тараптуу келишим түзүүгө макулдашышкан. Жазда кайра жолго камданып жаткан кыргыз жарандары бул макулдашуунун үзүрүн көрүшөөр бекен?!
XS
SM
MD
LG