Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулун Жогорку Кеңештин экс-депутаты, өкмөт алдындагы дин комиссиясынын мурдагы төрагасы Жолборс Жоробеков «абийириме жана ар-намысыма шек келтирди» деп сотко берген эле. Жолборс Жоробековду Турсунбай Бакир уулунун «Лимон» гезитине берген маегинде айткан сөздөрү капа кылган экен. 16-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Жыргал Мурзалиева Жоробековдун арызын карап, бирок аны канаатандырган жок.

Жолборс Жоробековдун пикири боюнча, Акыйкатчы болгонуна карабай Турсунбай Бакир уулу айткан сөзү үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Жыргал Мурзалиева менин доо арызымды канаатандырган жок. Мен соттун өзүнө да бул сөзүмдү айттым, президентти, премьер-министрди, депуттарды сотко берсе болот да, Акыйкатчы менен соттошууга эмнеге болбосун? Акыйкатчы монстрбы? Мен Биринчи май райондук сотунун менин доо арызыма жасаган мындай мамилесине макул эмесмин, - дейт Жолборс Жоробеков таңгалганын жашырбай.

Турсунбай Бакир уулу «Лимон» гезитинин 2002-жылдын 6-декабрында чыккан санына орус тилинде көлөмдүү маек берип, анын саясатчы кандай адам болуш керек деген бөлүгүндө «мен бир адамды билем. Ал Жогорку Кеңешке капысынан депутат болуп шайланган. Анан шайлоочуларынын ишениминен ажырап калгандан кийин чоң саясаттан тышта калбайын деп өзүнүн санаалаштарын сатып жиберген. Жаңы кожоюндары болсо анын бул эмгегин баалап аны өкмөттүн дин боюнча комиссиясынын төрагалыгына дайындады. Бирок ал бул кызматта да көпкө чейин иштей алган жок. Мына ушундай адамдардан алыс болушубуз керек» деген.

Жолборс Жоробеков «менин атым гезитте ачык жазылбаса да, кеп мен жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү, себеби, дин боюнча өкмөттүк комиссияда буга чейин эки эле киши иштеген» дейт.

- Турсунбайдын мындай мааниде маек беришине, - деп сөзүн улантты Жоробеков, - бир нече себептер бар. Анткени мен анын кемчиликтерин бетине айтып койчу элем, ошону кектеп жатса керек. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мындан 5-6 жыл мурда Турсунбайдын инилеринин бири баңгизат менен кармалган болчу. Мен үйдө ооруп жаткан элем, Турсунбай мага барып, «мынабул катка кол коюп бериңиз, Сиз кол койсоңуз инимди чыгарышат» деп калды. Мен «башка депутаттар кол койбоптур го?» десем, «Сиз кол койсоңуз эле алар да буга макул» деди. Мен кол коюп бердим. Иниси эркиндикке чыкты. Ошол жыл Президент тарабынан элетти көтөрүү жылы жеп жарыяланды эле. Жайкы эс алуудан келип, ким айылдарга канча акча жардам берди деген маселени депуттар болуп талкуулап, өзүнчө сүйлөшүп калдык. Турсунбай «мен баланча мектепке 5000 сом, түкүнчө айылга 10 000 сом жардам бердим» деп эле шакылдатып санап калды. Мен ага «Турсунбай, сен экөөбүз бирдей эле айлык алабыз, ушул сенин иниңдин баңгизат ташып, соодалаары чын го» деп тамашалап койдум. Жаныбызда бирин-эки депуттар бар эле алар күлүп, Турсунбай кызарып калды.

16-апрелде судья Жыргал Мурзалиева «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндөгү» мыйзамдын 6-беренесинде «Акыйкатчы өзү иштеген мөөнөт ичинде жана ал мөөнөт аяктагандан кийинки 24 ай ичинде кол тийгис иммунитетине ээ. Аны кармоого, ага карата кылмыш ишин ачууга, ага айып салууга, аны куугунтуктоого, ал айткан пикир боюнча жана өзүнүн кызматына байланыштуу милдеттерин аткаруу учурунда жасаган кыймыл-аракети үчүн аны менен соттошууга болбойт» деп жазылган деп Жолборс Жоробековдун арызын канаатандырган жок. Айта кетүүчү нерсе, Жолборс Жоробеков «Турсунбай Бакир уулу ар-намысыма, абийириме жана ишкерлик беделиме шек келтирди» деп Биринчи май райондук сотуна Акыйкатчыдан 1 миллион сом өндүрүп берүүнү жана маекти жарыялаган «Лимон» гезити аркылуу кечирим суроо арызы менен кайрылган. Соттун чечимине макул болбогон Жоробеков жогорку инстанцияларга кайрыларын айтат:

- Мен Бишкек шаардык сотуна жакын арада арыз таштайм. Акыйкат издеп эл аралык уюмдарга чейин кайрылайын деп жатам. Себеби, адамдардын укугун коргойт деген адамдарды ушинтип маскаралап-шылдыңдай бергени кантип туура болсун?

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Жолборс Жоробековдун артында бийлик турат:

- Мен билим-түшүнүп эле турам: Жолборс Жоробековду бийлик айгактап жатат. Буга мындай далилим бар: өзүңөр жакшы билсиңер, «Вечерний Бишкек» гезити «Батыштын алдыңкы мамлекеттери, эл аралык уюмдар кантип «Хизб ут-Тахрир» уюмуна жардам берип жүргөн, «Аль-Каидага» байланышы бар кишиге адам укугун корго деп акча берип жатат деп мени жамандап жазып келатат. Мени «Аль-Каиданын» мүчөсү кылып, террорист жарыялап салган. Мен гезитти сотко бергем, гезит болсо Жолборс Жоробековдун мени сындаган макаласын жарыялап жатпайбы, - дейт Турсунбай Бакир уулу.

Акыйкатчынын айтымында, анын колунда Жолборс Жоробековдун өзүн сотко бере турган фактылар бар.

- Ал депутат болуп турганда бирөөлөрдү иштетип туруп, акчасын бербей кеткен экен. Алар мага мен Акыйкатчы боло электе эле кайрылышкан. Бул бир. Экинчиден, мени «Хизб ут-Тахрирди» колдоп жүрөт, бул уюмга мүчө» деп гезиттерге жазып, парламенттин трибунасынан айткан учурлары көп эле болгон. Менин арам оюм болсо бул кишини ошондо эле сотко берип койсом болор эле. Бирок мен анын жашын сыйлап, андай кадамдга барган эмесмин. Эми дагы эле ушинтип жанымды кашайтып, ачуума тийе берсе эми аны чындап сотко берем. Бул жолу мени эч нерсе токтото албайт. Жоробеков азыр депутат, же Акыйкатчы, же сот эмес. Аны каалаган убакта сотко берсем болот, - деп сөзүн жыйынтыктады АкыйкатчыТурсунбай Бакир уулу.
XS
SM
MD
LG