Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

БРИТАНИЯ СИРИЯНЫ АКТАБАЙТ, БИРОК КАСТАРЫН ТИКПЕЙТ


Британдык “Таймс” гезитинде жарыяланган кабарларга караганда, Ирактын ат-тонун ала качкан президенти Саддамдын непадам Сириядан дареги табылып калса, анын артынан куугун салып, америкалык контингент аталган өлкөгө кириши мүмкүн. Бирок мындай аскери саятка британдык бөлүктөрдүн кошулары азырынча арсар, деп жазат газета. Ырасмий Лондон, байкоочулар аңдашкандай, соңку күндөрү Сирияга, андан тышкары Иранга байланыштуу Вашингтондун тоңбий апаздарын жумшартканга аракеттене баштады.

Дегинкисинде,”сирия проблемасын” чечкенге Вашингтон үчүн азыркыдай оңтойлуу учур болор-болбосу дегеле күмөн. Биринчиден, ушу тапта региондо эң ири аскер контингенти турат. Үч аптанын аралыгында ирак диктатору Саддамдын аркалуу делинген армиясын талкалап,америкалык куралдуу күчтөр азыр саларга кушу, кыларга иши жок калгансыды. Экинчиден, Ирактагы кампаниянын ийгилиги президент Бушка кезектеги антитеррордук операция үчүн конгресстен кошумча финансылык колдоо алганга кепилдик түзүп берди. Эмки маселе болгону омоктуу аргумент табууда гана калгансыды. Үч жумалык согуштун жеңишине демденген америкалык айрым оптимисттер арасында Буштун администрациясын Жакынкы чыгышка мынчалык барып калган соң ишти чала өлгөн жыландай кылбастан терроризмдин дагы бир очогун биротоло талкалай келүү керек дегендей ойго шыкактап жаткандар бар. Региондун өзүндө болсо буга Израиль өзгөчө кызыкдар болуп жатат.

Бирок британдык “Индепендент” гезитинин абройлуу баяндамачысы Роберт Фиск оптимисттердин мындай пландары опурталдуу экенин эскертет. Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү айыптардын баары далилсиз болуп чыкты, деп жазат ал. А кокус Сириядан да эчтеме табылбай калса эмне болот? Фиск атүгүл бул оюндун арты өтө жаман окуяларга алып келерин астейдил эске салат. Американын Ирактагы боштондук согушу бүттү,деп жазат ал. Ал эми эртең же жакынкы келечекте Ирактын, жалпы араптардын Америкага каршы боштондук согушу башталышы мүмкүн.

Британ өкмөтүнө ушул өңдүү апазы суук прогноздор таасир кылды деп айтышка болбойт. Бирок аптанын башында эле премьер-министр Тони Блэр аталган маселеге токтолуп, “Сирия менен сүйлөшүү жана кызматташуу зарыл” экендигин белгилеген эле. Анын соңунан тышкы иштер министри Жек Стро кокус Ирактан соң Сирияга же Иранга каршы антитеррордук фронт ачылса, британ аскерлери мындай операцияга катышпай тургандыгын ырастады.

Мунун жөнүн жакынкы чыгыштагы саясий иштерге адистешкен британдык эксперт Герд Ноннеман Вашингтон менен Лондондун позицияларындагы айрымачылыктан көрөт. Айрыкча Иранга калганда, атүгүл Тегеран менен кыйын-кычыктуу жагдайлар чыккан кезде да, деп көрсөтөт эксперт, Британия такай Европалык лагерде болгон, ал эми АКШ, арийне, башкача позицияда турган. Жалпы алганда Британия Сирияга байланыштуу проблемалар бар деп эсептейт, бирок аны кесирлүү өлкө дегенге анчейин кошула албайт. Ноннеман Сириядагы режимди же анын президентин жубардай таза дегенден да оолак, бирок Башар Асад кантсе да жетик ойлонгон саясатчы, кесирлүү иштерге же массалык терроризмге бара турган киши эмес деп эсептейт.

Лондондогу эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун эксперти Ахмед Лутфи болсо британ тышкы иштер министринин позициясын комментариялап, аны абдан туура кадам деп атады. Стро баарыдан мурда сүйлөшүүлөр үчүн жол ачып, Сирияны калпыс кадамдардан сактандырып жатат, дейт Лутфи. Ачууланып кесенгенге караганда Лутфи экинчи тарапты өз ара түшүнүүгө түрткүлөгөн алда канча жакшы деп эсептейт.

Айткандай эле Сирия Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине кайрылып, Жакынкы чыгышты массалык кыргын салуучу куралдардын бардык түрүнөн арылган аймакка айлантууда активдүү көмөк көрсөтүүгө чакырды. Сириянын бул сунушун арап өлкөлөрүнүн жоон тобу жактырып, колдогон эле. Мунун алдында Кошмо Штаттардын булуңдагы негизги союздаштары да Вашингтонду Сирияны опузалап, омуролоогонду токтотууга чакырышкан эле. Мындан тышкары бир катар өлкөлөр Вашингтонду тыюу салынган курал-жарактар маселесинде Сирияга, Иранга жана Түндүк Кореяга кысым жасап, ошол учурда эки жүздөй ядролук дүрмөтү бар Израилди карманча капарга албай жатканы үчүн айыпташты. Израилдин өкмөтү болсо ООНдун коопсуздук кеңешинин бир катар резолюцияларын тоготпогону аз келгенсип, өзүнүн атомдук куралдары жөнүндөгү маселени талкуулагандан да таптакыр баш тартууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл алдыдагы күндөрдө Сирияга келип,президент Башар Асад менен ийри отуруп,түз сүйлөшкөнү жатат.

XS
SM
MD
LG