Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

ОРУСИЯ АКШ МЕНЕН КАРЫМ-КАТНАШЫН ИРАК ЧАТАГЫНАН КИЙИН КАЙРА ЖАКШЫРТУУ АРАКЕТИНДЕ


Төрөкул Дооров, Москва Орусия саясий элитасы учурда «АКШ менен акыркы жылдарда жетишилген жылуу мамилени кайра калыбына келтирүүнүн жолдорун издөө» менен алек. Ирак согушу Орусияга кандай саясий жана экономикалык жоготууларды алып келди?

Чынында, орус коомчулугунда соңку ирак согушунун өлкөгө тийгизген залакасы туурасында кызуу кеп кылынууда. Ирактагы аскерий өнөктүк дээрлик соңуна жакындап, эми маселе өлкөнү кайра куруу кезегине келгенде, буга чейин АКШнын аракеттерин «саясий ката» деп эсептеп келген Орусия ага карата мамилесин кыйла жумшартты.

Жакында Петербург шаарында Франция, Германия жана Орусия «үчилтигинин» саммитинде алар өздөрүнүн мурдагы позициясында дале болсо бекем турушкандыгын айтышканы менен, Кремль бүгүнкү күнү алдына койгон артыкчылыктуу багыттар өзгөргөнү даана байкалат. Мамлекеттик думанын депутаты Владимир Лукин Орусиянын бийлик башындагылар ирак согушу тууралуу алгач кеп башталганда «саясий мааниде анча туура эмес болгон багытты карманышты» деп санайт. Анын оюнча, орус калкы АКШга карата Советтер Бирдигинен мурасталып калган суук мамилесин дал ушул согушка каршы өткөрүлгөн массалык нааразылыкты билдирүү иш-чараларында көрсөтүштү. Бул учурда бийлик элди токтотуп, саясий кызыкчылыгын башкы орунга коюнун ордуна, коом демин күчөтүү менен машыккандай болду. “Жыйынтыгында, бүгүнкү түзүлгөн кырдаал Президент Владимир Путин билдирген позицияда саясий көрөгөчтүктүн болбогондугун тастыктап олтурат”, - дейт Владимир Лукин:

- Биз бардык демократиялык принциптердин, ошондой эле коомдук маанайдын өзгөрүүсүн эске алуу менен маалымат каражаттардын жардамы астында элге мындан ары өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды кантип сактоо керектигин үйрөтүшүбүз керек.

Негизинен, Владимир Лукин АКШ-Орусия алакаларын мыкты түшүнгөн Орусиядагы эң таанымал адистердин бири. 1992-жылы Борис Ельцин аны Орусиянын АКШдагы элчиси кылып дайындайт. Ушундан уламбы, Лукин орус коомчулугунун согуш учурундагы АКШга карата ачык нааразычылыгын терс кабыл алгандыгын жашырбады. Анын айтымында, кандай болгон күндө да Орусия Вашингтон менен тил табыша билүүсү керек, анткени өлкөнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыктарынын басымдуу бөлүгүнүн тагдыры анын АКШ менен түзүлүүчү карым-катнаштарына байланыштуу. “Анткен менен, Ирактагы бийликтин кыйрашынан Орусия эч кандай саясий жоготууларга учураган жок”, - деп эсептейт Лукин мырза:

- Согуш Орусия үчүн эч кандай деле жоготууларга турган жок. «Эгерде Саддам өз тагында тура берсе эле, Орусия жайнаган алтынга ээ болуп калмак» деген жомокко эч ким буга чейин деле ишенген эмес. Бирок, биздин көптөгөн өндүрүш ишканаларыбыз менен түзүлгөн экономикалык кызматташтык кыйраганы чын. Бирок, бүгүнкү талап – АКШ менен кызматташууну арттыруу. Эгер алар биз менен кызматташып, биздин тарыхыбыздагы мындай кайгылуу баракчаны эстен чыгарышыбызды каалашса, анда кызматташуунун так жолдорун ушул багытта аныкташыбыз керек.

Белгилуу саясий эксперттин пикири бүгүн көптөгөн экономисттер менен саясий изилдөөчүлөрдүн колдоосуна ээ болууда. Маскөөдөгү АКШ жана Канада институтунун өкүлү Михаил Носовдун айтымында, учурда өлкөдөгү бардык саясий күчтөр Кошмо Штаттар менен мамилени жакшыртуу аракетин көрүшүүдө:

- Менин оюмча, АКШ менен Орусия мамилелеринде жаралган ажырым - татаал сыноолордун бири. 2001-жылдын 11-сентябрында бизден жөн гана терроризмге каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүү талап кылынган кезде, карым-катнашыбызды «ынтымакташтык» деп атап, сөз жүзүндө алда канча алдыга озунуп кеттик. Эми алакаларыбыздын тагдыры АКШнын гана колунда деп ойлойм. Эгер алар биз менен кызматташууну каалашса, биз ,албетте, бардык аракетибизди көрүшүбүз керек.

Орусиялык бул эки адис тең Орусия менен АКШнын өз ара алакаларынын эртеңки күнүн Вашингтондун маанайы аныктай тургандыгына ынанышат. Арийне, Орусияда АКШга карата терс маанайын улам баса белгилеген, аны “империалист” катары айыптап, Ак Үйдүн тышкы саясатын ооздуктоого чакырган саясатчылар да четтен табылат.
XS
SM
MD
LG