Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

ЧЫКПАЙ ЖҮРГӨН ГЕЗИТТЕР КАЙРАДАН ЖАРЫК КӨРДҮ


17-апрелде Кыргызстанда «Общественный рейтинг», «Республика» гезиттеринде чыгып келаткан «Кыргыз ордо» гезити жарыккка чыкты. Көптөн бери чыкпай келаткан «Трибуна» гезити жарык көрдү. 18-апрелде чыкчу «Агым» гезити «саякатчы депутаттардын» тизмесин жарыялаганы турат. «Аалам» гезити болсо Кыргыз телерадиокорпорациясынын айланасындагы талаш-тартыш жөнүндө жазып чыгууда.

17-апрелде «Общественный рейтинг» гезитинин жаңы саны окурмандардын колуна тийди. Гезиттин саясий-экономикалык өңүттөгү суроолоруна Ош облусунун губернатору Накен Касиев менен экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиев жооп беришкен. Алар экономика, бюджет тартыштыгы, Улуттук Банк, Кыргызстандын келечеги, президенттик шайлоо, оппозиция, саясий партиялар жана азыркы кырдаал жөнүндө ойлорун ортого салышкан. Ушул гезитке Султан Жумагуловдун Кыргызстандын түштүк аймагынан жаштар эмне себептен кетип жаткандыгын талдоого алган макаласы жарык көрдү. «Акыркы 10 жылда эле Аксы районунун 100 миңдей калкы башка жактарга көчүп кеткен», деп жазат Султан Жумагулов.

17-апрелде «Республика» гезитинде чыгып келген «Кыргыз ордо» гезити да жарык көрдү. Мында 85 жаштагы Мукамбет Барктабасовдун «Аскар Акаевдин куру сөзүнөн башка кудурети жок» деген сын макаласына орун берилди. «Эгерде менчиктештирүү туура жүргүзүлгөндө, ар бир адамга 3,5 миң доллардан үлүш тиймек. Калкты 6 сомдук кагаз купон менен алдап, 18 млрд. сомдук эл байлыгын эл башкаруучулар талап кеткен», деп жазат Мукамбет Барктабасов.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз эл депутаты Абсамат Масалиевдин «Саясат ыплас эмес, көп учурда саясатты түз, таза жүргүзбөгөндөр ыплас кишилер» деген маеги да «Кыргыз ордо» гезитинен орун алган.

Техникалык жана каражат маселеси кендирин кесип, «Трибуна» гезити 10 айдан бери чыкпай келген. 17-апрелде бул гезит кайрадан чыга баштады. «Кыргызстандагы оппозициянын биримдиги, ынтымагы, ал түгүл программасы жок. Ал эми партиялар турмушту өзгөртө алышпайт. Алардын башчылары гана бар», деп жазат Ырысбек Өмүрзаков өз гезитинде.

17-апрелдеги «Слово Кыргызстана» гезити Кыргызстан-Иран кызматташтыгы жөнүндө жазып, 2001-жылы бул мамлекет менен товар жүгүртүү 29 миллион доллар болгонун белгилейт. Ушул гезитке А. Солтоеванын «Оюндун эрежесин ким аныктайт?» деген макаласы жарык көрдү. Мында быйылкы туристтик сезонго даярдык жана туризмдин күңгөй–тескей маселелери жөнүндө сөз болот.

«Саякатчы» депутаттардын тизмеси «Агым» гезитинин 18-апрелдеги жаңы санына жарыяланып жатат. «Эми дагы бир чырдын башы кылтыйды. «Саякатчы» депутаттар менен сыртка көп чыкпаган депутаттар тирешип, Жогорку Кеңеште жакында жарылуу болушу мүмкүн» деп Жолдошбек Зарлыкбеков жазып, депутаттар 53 мамлекетке барышканын тактайт. Алардын рекордчусу - Алишер Абдимомунов - 20 өлкөгө барган. Тажиниса Абдрасулова, Кабай Карабеков, Мырзакан Субанов жана Эркин Булекбаев ар бири 15 жолу чет мамлекетте болгон. «Агым» гезити 53 депутаттын 2 жылдан ашуун убакта канча жолу, кайсы өлкөлөрдө болгондугун толук жазып чыгууда. Ушул эле «Агым» гезити «Туура айткан Абдыганы Эркебаевдин сөзү эмне үчүн эфирден алынып калды? Абийир жок жерде абийирдүүлөрдүн ордосу курулабы?» – деп суроо койот. Ал коррупциянын чыгыш себептерин иликтейт да, «спикердин сөзүн президент жана анын тегерегиндеги 2-3 киши гана эфирден ала алат. Демек, ошол чөйрөгө жакпаган сөз айтылган» деп жазат Бакай Сасыкулов.

18-апрелде чыкчу «Аалам» гезитиндеги макалалар жөнүндө редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Кубанычбек Сейдалиевдин «Уран Сарбанов алган 3 миң долларын актайбы?» деген макаласы жарык көрүүдө. Нургазы Анаркулов «Президент болчу кимиңер» деген темада Жалалабад губернатору Жусупбек Шарипов жөнүндө жазат. Кыргыз телерадиокорпорациясындагы баш-аламандыктар жөнүндө бул мекеменин мурдагы жетекчилери Түгөлбай Казаков жана Өмүркул Кадыркуловдун кеңири маегине орун берилүүдө.

18-апрелде чыкчу «Бишкек таймс» гезити алтын маселесин кайрадан көтөрүп чыгууда. Бул гезит Бишкектеги жол маселелери, кыргыздардын чет өлкөлөрдө кул болуп жүргөндөрү жөнүндө жазат.

18-апрелде чыкчу «Моя столица» гезитинде эл депутаттарынын үйүн ремонттоп, акчасын ала албай калган куруучу Володянын арманын Людмила Жолмухамедова жазып чыгууда. Ал кайсы депутат экендиги табышмак бойдон. Ошондой эле Вячеслав Тимирбаевдин «Адеп-ахлактык-экономикалык СПИДдин аты - коррупция» деген көлөмдүү макаласы жарыяланганы турат. Мында коррупцияга малынган чиновниктер дале жогорку кызматтарды ээлеп тургандыгы жөнүндө сөз болот.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG