Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Курманжан датканын эстеликтерин салыш үчүн Бишкекте телемарафон өткөрүлдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Курманжан датканын эстелигин орнотуу жана анын мемориалдык комплексин Ысыккөлдүн Чоңсарыой айылында куруу үчүн каражат топтоо максатында Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда телемарафон өткөрүлдү. Андан канча каражат топтолгону азырынча белгисиз. «Курманжан датка» фондунун башчысы Жылдыз Жолдошеванын айтымында, бул акция Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналат. Топтолгон каражатка 31-августка чейин Жогорку Кеңештин алдына Курманжан датканын эстелиги орнотулмакчы.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG