Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

Нарын облусунда жолдорду тоскон кар көчкүлөр тазаланууда


НАРЫН. Бүгүн Чек араны көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын Нарындагы бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча, Торугарт ашуусуна жакын жайгашкан Түзбел аймагы жергиликтүү жол оңдоо кызматтарынын аракети менен кардан толук тазаланып, 10 күндөн бери жыйналган 100гө жакын темир ташыгыч автоунаалардын Кытайга катташына шарт түзүлдү. Ал эми 14-15-апрелде Торугарт–Бишкек жолунун Караүңкүр аймагындагы жолду эки жерден бөгөп калган көчкүлөрдүн бирин тазалоого мүмкүн болбогондуктан, айланып өтмө жол салынып, автоунаалар бир тараптуу каттам менен жүрүп жатышат. Жолдорду көчкүлөрдөн тазалоо иштерине жол оңдоо кызматтарынан тышкары аскер бөлүктөрү да тартылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG