Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Ош шаарына таза суу берилбей турат


ОШ. Жаандан улам ылай, кум аралаш агып келген сууну чыпкалаганга кубаты жетпегендиктен, «Ош шаардык суу каналы» ишканасы адатынча борбордук суу түтүгүн жаап салды. Атайын жобо боюнча 48 саат бою таза суусуз калган учурда, шаарга өзгөчө кырдаал орнотулушу керек. Бул жолу Кыргызстандын түштүк борборунда ичээр суу жок калганына 48 саат тургай, 96 саатка жакындап баратат. Шаардын мэриясы да, баш кеңсеси Ошто жайгашкан Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги да кырдаалга карата чечкиндүү чара көрө албай жатышат. Суусу жок калып, абалы оордоп бараткан Ош шаарында «Мээрим» кайрымдуулук фондунун 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттар өзгөчө шаң менен башталды.

XS
SM
MD
LG