Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Бишкекте өтүп жаткан конференциянын катышуучулары Майлысууда болушту


ЖАЛАЛАБАД. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Борбордук Азиядагы глобалдык-экологиялык борбор, кыргыз өкмөтү, Экология жана чукул кырдаалдар министрлиги биргелешип уюштурган конференциянын катышуучулары бүгүн Майлысууга жакын жерлердеги уран калдыктары менен тоо-кен калдыктары көмүлгөн жайларды көрүштү. Губернатордун орун басары Бактияр Усманов менен Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин жооптуу адистери аларды шаардагы экологиялык абал менен тааныштырышты. Алар меймандарга, эгерде көчкү жүрүп, урандар калдыктары көмүлгөн жер ачылса, бүтүндөй Борбордук Азия аймагына коркунуч келээри жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле Кыргызстандын өкүлдөрү өлкө жетекчилигинин табият кырсыгын болтурбоо аракетин белгилешип, бул үчүн коңшулаш жана алыскы чет мамлекеттердин жардамы керектигин түшүндүрүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG