Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Үй куруучулар өкмөткө кайрылышты


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү талаптарды аткарбаса, үй куруучулар чектен чыккан аракеттерге барышы ыктымал. Бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында азыр жаңы түзүлүп жаткан Үй куруучулар ассоциациясынын өкүлү Роза Мамбеталиева ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, үй куруучуларга карата өкмөттүн кайдыгер мамилеси коомдук бирикмелердин бөлүнүп-жарылышына алып келүүдө. Учурда бул ассоциациянын 15 миң мүчөсү бар, алардын 10% гана үй куруш үчүн жер алган. Калгандарына жергиликтүү бийликтер ар кандай шылтоолор менен жер бербей атышат. Маалымат жыйынында ассоциация мүчөлөрү мурдагы өнөктөшү Аскарбек Базаркулов баштап түзгөн «Эл жери» федерациясын үй куруучуларды бөлүп-жаргандыгы үчүн айыпташты. Аталган уюм 11-январда конференция өткөрүп, 30 уюмду бириктирип, мигранттардын жана үй куруучулардын өзүнчө федерациясын түзгөнүн жарыялаган. Өткөн аптада анын уюштуруучуларын премьер-министр Николай Танаев кабыл алган. Ал эми федерацияга удаа түзүлүп жаткан Үй куруучулар ассоциациясынын мүчөлөрү уюмдун катарында 26 бейөкмөт уюм жана үй куруучулардын бир саясий партиясы бар экенин, уюмду катташ үчүн Юстиция министрлигине кайрылышканын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG