Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

«World Enterprise» фирмасынын ишин башкы прокурор көзөмөлгө алды


БИШКЕК. Жоопкерчилиги чектелген «World Enterprise» коомуна байланыштуу козголгон кылмыш ишин башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев көзөмөлгө алды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Канат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, учурда бул иш боюнча 400 жабырлануучу суралды. Алар тарткан жалпы чыгымдын көлөмү 1 миллион 600 миң сомду түздү. Арыз берүүчүлөрдүн катары өсүп жатат. Кылмыш фактысы боюнча азыр 20 тергөөчү иш алып барууда. Фирманын дарексиз кеткен директору, Орусиянын жараны Низам Абдуллаевди издөө боюнча чет өлкөлөрдөн жардам суралууда. Аталган фирма жана анын үч бөлүмү миңдеген жумушсуздардан акча каражаттарын алдап алгандыгы 15-апрелде белгилүү болуп, Бишкек шаардык ички иштер кызматы көз боемочулук фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ушул эле күнү жабырлануучулар алдаткан акчаларын кайтарууну тиешелүү органдардан талап кылып, көчөгө чыгышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG