Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Кыргызстан 28 мамлекеттин жарандары үчүн виза режимин жеңилдетти


БИШКЕК. АКШнын, Түштүк Кореянын жана Европадагы 26 мамлекеттин жарандарына жеңилдетилген виза менен Кыргызстанга келип кетүүгө шарт түзгөн токтомду кыргыз өкмөтү 15-апрелде кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн Өкмөт Үйүндө өткөрүлгөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, тизмеге кирген 28 мамлекеттин жарандары бир айлык мөөнөткө Кыргызстанга келип кетүү визасын өлкөнүн чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жекече түрдө кайрылуу менен ала алат. Алардын Ички иштер министрлигинде сөзсүз катталышы эми зарыл эмес.

XS
SM
MD
LG