Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

АСЕАН өлкөлөрү “САРС” илдетине каршы чогуу күрөшөт


Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясы - АСЕАНдын лидерлери жакында Бангкокто жолугушуп, дүйнө өлкөлөрүндө 160тан көп адамдын өмүрүн алган өнөгөсүз өпкө вирусуна каршы күрөшүүнүн жолдорун талкуулашат.
Тайланддын саламаттыкты сактоо министри Сударат Кейурапхандын билдиришинче, 29-апрелге белгиленген саммитте АСЕАНдын лидерлери кеселдерге техникалык жардам көрсөтүү жана аларды дарылоо боюнча маалымат алмашып, коркунучтуу илдеттин региондун экономикасына тийгизчү зыянын кыскартуунун жолдорун талкуулашат.
Жыйынга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да катышат.
АСЕАНга 10 өлкө: Бруней, Камбожа, Индонезия, Лаос, Малайзия, Бирма (Миянмар), Филиппин, Сингапур, Таиланд жана Вьетнам мүчө.
Алардын ичинен төрт өлкөдө “САРС” илдетинен өлгөн адамдар катталган.

XS
SM
MD
LG