Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:27

Азия өлкөлөрү өнөгөсүз өпкө оорусунан 11 миллиард доллар зыян тартышы ыктымал


Ыраакы Чыгыш экономикалык изилдөө борборунун эксперттеринин эсеби боюнча, “САРС” илдети Кытайга 2,2 миллиард доллар, ал эми Гонконгдун экономикасына 1,7 миллиард доллар чыгаша алып келген.
Эксперттердин болжомунда, өнөгөсүз өпкө оорусу Азия өлкөлөрүнө 11 миллиард доллар зыян келтириши мүмкүн жана бул эки өлкөнүн чыгашасы мындан да көп болушу ыктымал.
Адистер арасында коркунучтуу оору адегенде Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынан таркады деген шектенүүлөр бар.
Индияда өнөгөсүз өпкө вирусу жуккан биринчи оорукчан катталды. Маалыматка караганда, кесел - Сингапурдун батышындагы Гоа штатынан жакында келген индиялык деңиз инженери.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG