Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Түштүк Кореянын президенти Ро Му Хен аброй күткөндөн, иштин натыйжасын артык көрөт


Түндүк Корея өзөктүк кризиси боюнча келерки жумада Бээжинде болот деп мерчемделген үч жактуу сүйлөшүүгө Түштүк Кореянын чакырылбаганы анча маанилүү эмес. “Негизгиси - сүйлөшүүнүн жыйынтыгы”, - деп эсептейт Түштүк Кореянын президенти Ро Му Хен.
Ронун айтканына караганда, ал үчүн “жыйында жүз көрсөткөндөн же ага катышып аброй күткөндөн” көрө, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы маанилүү.
АКШ, Кытай жана Түндүк Кореянын өкүлдөрү келерки жумада Бээжинде кездешип, Пхеньяндын шектүү көрүнгөн өзөктүк программасына байланыштуу чыккан алты айдан берки кризисти жөндөө үчүн биринчи кадамды жасашат.
Бээжин сүйлөшүүсү өзөктүк куралдын жаралуусуна жол бербестен туруп, Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепилдик берүүгө багытталган.
Россия Корей жарым аралындагы кризисти жөндөө боюнча Бээжинде өтчү үч жактуу сүйлөшүү планын колдоп, чатакты жөнгө салуу ишине катышууга даяр экенин билдирди.
Москва кризистин дипломаттык жол менен чечилишин узактан бери каалап жүргөн деп белгиленет Россиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG