Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Иракты кайра курууда БУУнун “башкы ролду” ойноошу керектигин Евробиримдик жактоодо


Европа Биримдиги Иракты кайра курууда Бириккен Улуттар Уюму “башкы ролду” ойношу керек деп билдирди.
Биримдиктин Афинадагы саммитинде жасалган билдирүүдө Улуттар Уюму “Ирак элинин өз өкмөтүн түзүү жараянына” түздөн түз катышуусу шарт, АКШ башындагы күчтөр коопсуз жагдайды, ага катар гуманитардык жардам көрсөтүүнү камсыздоого жана маданий мурастар менен музейлерди коргоого жооптуу” деп белгиленет.

ЕБнын лидерлердин айтымында Евробиримдик Иракты “саясый жана экономикалык жактан кайра курууда маанилүү роль ойнойт”.

ЕБнын учурдагы төрагасы Грециянын премьер-министри Костас Симитис билдиргенге караганда:

- Улуттар Уюмунун ролу кандай болору сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, АКШ, ошондой эле Британия менен байланышта так аныкталат. Британия кабыл алынган билдирүүнүн жоболоруна макул.

К. Симитистин сөзүнчө, Иракта тынчтыкты орнотуу Улуттар Уюмунун эмес, АКШ менен Британиялык күчтөрдүн милдети болушу керек.
Афинадагы саммитке конок катары чакырылган БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан ал жетектеген уюмдун гуманитардык миссиядан тышкары вазийпасына Коопсуздук Кеңешинин мандаты болуш керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG