Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

АКШнын ФЕДЕРАЛДЫК ТЕРГӨӨ КЫЗМАТЫ КАЗАКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ПАРА АЛГАН ДЕП ШЕК КЫЛАТ


Жаркын Суран кызы, Бишкек Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кеңешчисинин коррупцияга тийешеси бар деген шек менен камакка алынганын мурда кабардаган элек. Федералдык тергөө кызматынын атайын агентинин АКШдагы сотто берген көрсөтмөсүнө караганда, америкалык бизнесмен Жеймс Гиффен Казакстандын мунай кендерин өздөштүрүүгө кызыккан чет элдик ири фирмаларга ортомчулук кылып, жең ичинен 67 миллион доллар кызмат акы алган. Ошондой эле ал Казакстандын мурдагы премьер министри Нурлан Балгимбаев жана Нурсултан Назарбаевге караштуу банктык эсептерге ири өлчөмдө акча которгон.

АКШнын Федералдык тергөө кызматынын атайын агенти Кевин Ирвин Нью-Йорк шаарынын Түштүк чөлкөмүндөгү соттун алдында ант берип туруп, Жеймс Гиффенге төмөндөгүдөй айып такты.

1995-жылдан 2000-жылга чейин Жеймс Гиффен АКШнын “Чет өлкөлөрдөгү чиновниктерге пара берүү жөнүндөгү мыйзамын” бузуу менен белгилүү жана аты белгисиз адамдар менен өз ара келишим түзүүгө барган. Алар өз пландарын аткаруу үчүн мыйзамсыз түрдө уюмдашкан. Маселен, алар почта жана эл аралык соода каражат жабдууларын уруксатсыз акча төлөөлөр үчүн пайдаланышкан. Ошондой эле алар чет элдик чиновниктерге баалуу белектерди беришкен жана сунуш кылышкан. Гиффен жана анын шериктери муну менен, биринчиден, чет элдик чиновниктердин өз кызмат ордун пайдалануусу үчүн аларга таасир этүүнү, экинчиден, аткаминерлерди өздөрүнүн расмий милдетин бузуп, алиги топтун өтүнүчтөрүн аткарууга түртүүнү, үчүнчүдөн, чиновниктердин өкмөттөгү таасирин жана бийлик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөшкөн.

Федералдык тергөө кызматынын атайын кызматкери Кевин Ирвин мыйзамдуулукту сактоо кызматкерлери жана күбөлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жана тергөө маалында чогултулган документтердин негизинде ушундай тыянакка келген.

Ирвиндин билдиргенине караганда, Жеймс Гиффенге караштуу “Меркатор” компаниясы Казакстан күнкорсуздук алгандан кийин Алматы жана Астанада эки бөлүмүн ачкан. 1992-жылы “Меркатордун” кожоюну Гиффен казак өкмөтүнө кен байлыктарын, анын ичинде мунай кендерин сатуу боюнча кеңеш берген. Ал көрсөткөн ар бир кызматы үчүн жана иштин жыйынтыктарына карай “арачылык” акысын, андан сырткары сыйлык да алып турган. 1995-жылы Гиффен Назарбаевдин кеңешчиси болуп калган. “Меркатордун” иш-кагаздарын иликтөөнүн жүрүшүндө бул компания Казакстандын мунайгаз өнөр жай министрлигине түрдүү маселелер боюнча кеңеш берип турганы тастыкталды.

Документтерге караганда, Казакстан менен эл аралык мунай компанияларына ортомчулугу үчүн “Меркатор” же Гиффен көп миллиондогон доллар акы алганы тастыкталган. Алсак, каржылык жана банк документтеринде 1994-2002-жылдарда “Меркаторго” алтымыш жети миллион доллар акы төлөнгөнү чагылдырылган. Гиффен бийлик адамдары менен жакшы мамиледе болуш үчүн Казакстандын мурдагы премер министри Нурлан Балгимбаевге жана Казакстан президенти Назарбаевдин көзөмөлүндөгү банк эсептерине чоң өлчөмдө акча которгон. Ал акча “Мобил” жана “Никем Энержи лимитед” жана башка компаниялардын атынан которулган.

Мисалы: 1995-96-жылдардын отосунда «Мобил» компаниясы «Меркатордун» Нью-Йорктогу «Ситибанк» эсебине 51 миллион доллар түшүргөн. Бул акча “Теңгиз” мунай кенинин төрттөн бир бөлүгүн өздөштүрүү жөнүндө Казакстандын мунайгаз министрлиги менен түзүлгөн келишимден кийин которулган.

Федералдык агенттин банк документтерине таянып берген көрсөтмөсүнө караганда, 1995-жылы “Орел” компаниясынын эсебинен Швейцариядагы менчик мектепке 45 миң доллар которулган. Бул мектепте ал кезде Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева окуган эле.

Гиффен 30-мартта Нью-Йорк аба майданында камакка алынды. Казак компаниясы «Мобилдин» мурдагы жооптуу кызматкери Брайан Уильямстын да арааны ачылганы шек кылынууда. “Ассошиейтед пресстин” маалымдашынча, Теңгиз кенин сатып алууда көрсөткөн эмгеги үчүн Уильямска “Меркатор” компаниясы нак 2 миллион доллар төлөгөн. Бул мырза да апрелдин башында камакка алынды.

АКШнын федералдык тергөө кызматы менен юстиция министрлиги мунай компанияларынын Казакстандагы ырасмий адамдардын ысымына мыйзамсыз акча которуу фактыларына алгачкы ирет 2000-жылы көңүл буруп, ошондон бери ырааттуу иликтөө жүргүзүп келишкен.

Бул маселе ушул тапта Казакстандын коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан кез. Казакстандык жаран “Урпак тагдыры билим корунун башчысы” Эрсай Эркожо мырза бул жаңжалдуу окуя тууралуу мындай дейт:

- “Казахгейт” чыры эл аралык жаңжалдуу окуяга айланды. Бул окуя уккандын кыжырын келтирүүдө. Балким, чиновниктер карапайым калк билбейт же уккан жок деп ойлошсо керек. Кайдан, бир сөз менен айтканда, жетекчилерден уят-сыйыт кетип бүткөн тура дейсиң.

Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Швейцариянын банкында өз ысымына ачылган эсепте бир миллиард доллары бар экенин былтыр апрелде премьер-министр Имангалий Тасмагамбетов аркылуу элге жарыялап, мойнуна алган. Назарбаевдин сөзүнө караганда, ал бир миллиард долларды өлкө башына каатчылык келсе жалпы пайдаланабыз деген ниетте аманатка салып койгон экен. Бул окуя да азыркыга чейин коомчулуктун бүйүрүн кызыткан уу-дуу кептин темасы бойдон кала берүүдө.
XS
SM
MD
LG