Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Бириккен Улуттардын Адам Укуктары боюнча комиссиясы Беларусту катуу сынга алды


Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комиссиясынын Женева шаарында өтүп жаткан сессиясында 17-апрелде Беларустагы адам укуктарынын абалын сынга алган резолюция кабыл алынды. Резолюцияда саясий оппозициянын өкүлдөрү менен эркин журналисттерди өлтүргөндөр жана куугунтуктагандар жаза тартууга тийиш деп айтылат. 16-апрелде комиссия Түркмөнстанды да катуу сынга алган. Анткен менен сессияда Чечен согушу менен байланыштуу Орусияны да сындаган резолюция жетиштүү добуш чогулта албай калды. АКШ жетекчилиги дароо Чеченстан боюнча резолюция өтпөй калганы тууралуу өкүнүчтө экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG